Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга кайрадан уруксат берилди


 Кара-Кече көмүр кени. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Кече көмүр кени. Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышта Бишкек шаарында Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга салынган тыюу кайрадан алынып, уруксат берилгенин билдирди. Бул тууралуу 11-сентябрда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Министр бул боюнча Бишкек мэриясы менен калаадагы ышты азайтуу боюнча талкууда гана сөз болгонун белгиледи:

"Бишкек шаарында көмүрдү керектөө 1 млн 200 миң тонна колдонсо, анын баарын Казакстандан алып келе албайбыз. Казакстандын көмүрү мунун 30-35% гана камсыз кыла алат, калган 70% көмүрдү илгертен эле “Кыргызкөмүр” ишканасы жеткирип келген. Ошол эле вариант менен иштейбиз. Бул ыштын маселесин чечүү үчүн сүйлөшүүлөр болгон. Бирок биз “андайга мүмкүнчүлүк болбойт” деп айтканбыз. Азыр Балыкчыдагы биздин кампага 468 миң тонна көмүр даярдалып турат. Ошол көмүрдүн баары Бишкек, Чүй облусуна ташып келинет”.

Таалайбек Ибраев Кара-Кече кенинин Балыкчыдан көмүрү темир жол аркылуу ташылып келгендиктен бир аз арзаныраак түшөрүн, 5 миң сомдун тегерегинде болорун маалымдады.

Беш күн мурда энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынганын жар салган. Ал мындай чара борбордо кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга жардам берерин кошумчалаган. Министрдин орун басары Бишкекке Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатканын, анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүндүгүн тактаган.

Ошол эле маалда Кара-Кеченин көмүрү Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына сатыла берери кабарланган. Андан тышкары Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Кара-Кеченин 600 миң тонна көмүрү жагылат. Кара-Кеченин көмүрүнүн зыяндуулугу жогору деп эсептелинет.

Кышында Бишкекте абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланат. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Адистер буга ЖЭБ, таштанды полигону, жаңы конуштар, машинанын көптүгү, менчик мончолор, көмүр жагуу, өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келишет. (TSh\ErN)

XS
SM
MD
LG