Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Лачын коридорун гуманитардык жардам үчүн ачуу макулдашылды


Франциядан келген гуманитардык жардам Лачын коридоруна кире албай турат. Карабак. 30-август, 2023-жыл.
Франциядан келген гуманитардык жардам Лачын коридоруна кире албай турат. Карабак. 30-август, 2023-жыл.

Тоолуу Карабакта Армения колдогон жикчилдердин башчылары Азербайжан бийлиги Лачын коридору аркылуу Армениядан гуманитардык жардам алып өтүүгө уруксат бергенин билдиришти. Гуманитардык жүк алып өтүүгө Орусиянын тынчтык орнотуучулары менен Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү көзөмөл кылат.

Бул маалыматты Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев Reuters агенттигине ырастап, макулдашууда Лачындагы текшерип өткөрүү бекеттери ордунда калат деген шарт коюлганын айтты.

Расмий Баку Карабакка Армениядан гуманитардык жардам алып өтүүдө Агдам каттамын колдонууну сунуштап келет. Бирок Карабактын бийлиги гуманитардык жардам ташууга көзөмөлдү колуна алуу менен Баку аймакта үстөмдүгүн калыбына келтирүүнү көздөйт деп белгилеп, баш тарткан.

Азери бийлиги быйыл 11-июлда Арменияны Тоолуу Карабак менен байланыштырган жалгыз жолду убактылуу жаап, Лачын коридору аркылуу кыймылды токтоткон. Баку буга Эл аралык Кызыл чырым уюму аркылуу жикчил аймакка мыйзамсыз жүк ташылып жатканын жүйө келтирген.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымдык коридор. Аны 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында Лачын коридорунда Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрү жайгашкан.

2023-жылдын 23-апрелинде аталган коридорго Азербайжан көзөмөл-өткөрмө бекетин жайгаштырган. Коридор 15-июндан баштап жабылганы кабарланган.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей армяндар отурукташкан.

XS
SM
MD
LG