Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

БШК талапкерлерди каралаган жаранга айып пул салынарын билдирди


Кубанычбек Самаков
Кубанычбек Самаков

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке ат салышып жаткан талапкерлердин бирин каралады деген негизде Фейсбук колдонуучусу Азамат Мариповдон 7,5 миң сом айып пул төлөтүүнү сунуш кылды.

БШКдан "Азаттыкка" билдиришкендей, жумушчу топ сунушун тиешелүү тараптарга жолдоду.

Маалыматка ылайык, Мариповдун талапкер Кубанычбек Самаковдун соттуулугу жоюлбаганы, БШК төрайымына туугандык жайы болгону үчүн талапкер болгону тууралуу жазганы тастыкталган эмес.

Боршайкомдун атайын жумушчу тобу талапкер Самаковдун соттолгону тууралуу маалыматты текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко, Ички иштер министрлигине кайрылган. Жыйынтыгында ИИМ анын соттуулугу жок экенин билдирген.

Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу. Ал 2017-жылы атасы менен чогуу Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо иши боюнча сегиз жылга кесилген.

Кубанычбек Самаков 2019-жылы Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевдин ишине байланыштуу “пара берүү” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Талапкер өзү эки иш боюнча тең акталганын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 6-сентябрда кабарлады.

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоо бүгүн, 10-сентябрда өтүп жатат. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, соттуулугу бар адам талапкер боло албайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG