4-сентябрда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 17…22;
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 16…21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус болот.