Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев фракция лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышын “саясий куугунтуктун ачык көрүнүшү” деп баалай турганын 3-сентябрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
“Ким катуу сүйлөсө баарын камаш керек деген саясат” жүрүп жатат деген оюн айткан Масалиев төмөнкүлөргө токтолду:
“Бизден макулдук алганда ал кишини кызмат укугунан аша чабуу тууралуу берене менен жоопко тартабыз дешкен. Эч кандай мамлекеттик чыккынчылык деген берене болгон эмес. Демек, биринчиден, макулдук формалдуу түрдө туура эмес алынган. Экинчиден, ал кылмыш ишин козгоого кажет жок, себеби 2009-жылы маселени чечиш үчүн президенттин тапшырмасы менен эки өлкөнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары протоколго гана кол коюшкан. 2011-жылы ал протокол ишке ашкан эмес – өкмөт сунуштаганда парламент колдобой койгон, демек ал күчүн жоготкон ошол учурда. Үчүнчүдөн – Мадумаров боюнча мурунку комиссияда Кыргызстандын жер кадастрынан маалымат сураганыбызда алардан ошол 275 метр биздин карталар боюнча Тажикстанга караштуу болчу деген жооп келген”.
Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери 2-сентябрда кармап кетишкен.
Ошол эле сааттарда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин “Фейсбуктагы” баракчасына “Кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, кимде ким мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракеттерди жасаса, аларга аёо болбойт. Күч органдарынын жообу андай жарандарга катуу болот!” деген пост жарыяланган.
2-сентябрдын кечинде Биринчи Май райондук сотунун чечими Мадумаровдун менен бөгөт чарасы аныкталып, ал 24-октябрга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") боюнча айып коюлганын маалымдаган.
Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене жүйө келтирилген. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.
Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.
Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты "жомок" деп атоодо. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-жылдын 5-октябрынан 2009-жылдын 26-октябрына чейин аркалаган.
Бийлик Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин айтып келет. (RK)