Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Зеленский украин аскерлери эч нерсеге карабастан алдыга жылып баратышканын айтты


Бахмут аймагы. 2023-жылдын 1-сентябры.
Бахмут аймагы. 2023-жылдын 1-сентябры.

Украинанын президенти Владимир Зеленский контрчабуул боюнча айтылып жаткан сындарга жооп берип, украин аскерлери эч нерсеге карабастан алдыга жылып кетип баратышканын билдирди. 2-сентябрда Telegram каналына жарыялаган билдирүүсүндө ал «Украин күчтөрү алдыга кетип баратат. Эч нерсеге карабастан, ким эмне десе да, биз илгерилеп баратабыз. Бул эң негизгиси» деп айтты.

Анын алдында АКШнын өзүн ачык атагысы келбеген айрым расмий адамдары Киевди үч айдан бери Батыштын аскердик техникасы жана окутуп, үйрөткөн жардамына карабастан Орусия басып алган аймактарды кайтаруу боюнча контрчабуулу жакшы жүрбөй жатканын айтып сындашканы белгилүү болгон.

Бирок АКШнын жана Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү Украинанын түштүк-чыгышында ийгилик бар экенин, аскерлер Орусиянын катуу бекемделген коргонуу тилкесин бузуп жатышканын билдирүүдө.

1-сентябрда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби “Алар Орусиянын экинчи коргонуу тилкесине каршы ийгиликтерге жетишүүдө” деп, “Контрчабуулга объективдүү көз караш менен байкоо жүргүзгөн ким болбосун, алар прогресске жетишкенин тана албайт. Анонимдүү чиновниктердин айтканы эч нерсеге татыбайт” деп кошумчалаган.

2-сентябрда Улуу Британиянын Коргоо министрлиги чалгын маалыматына таянып украиналыктар түштүк тарапта Орусиянын негизги коргонуу тилкесине жетип калышканын маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG