Ошто көкбөрү аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу 25 адам облустук милицияда сурак берүүдө. Милиция алар ат майданда коомдук тартипти бузуп, чагымчылдык кылганын билдирди.
Бийлик башчылары көрүп отурган жердеги талаш-тартыш, андан кийинки башаламандык бул оюнду реформалоо, жаалданган элдин маанайы жалпы коомдогу нааразылыкты көрсөткөнү тууралуу пикирлер айтылууда.
25 адам сурак берүүдө
Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданында көкбөрү оюну бүткөндөн кийинки жапырт башаламандыкка байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы 25 адамды суракка алып жатат. Облустук милиция териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирип, кылмыш иши козголгон-козголбогонун азырынча тактаган жок.
“Көрүүчүлөр калыстарга нааразылык билдирип, желим бөтөлкөлөрдү ыргытып, коомдук тартипти бузушкан. Бул окуя боюнча ыкчам тергөө тобу түзүлүп, териштирүү иштери башталган. Окуяга байланыштуу жети адам ооруканага кайрылган. Алардын бирөө укук коргоо кызматкери”, - деди облустук милициянын басма сөз кызматкери Нур-Пери Абдуллаева.
Башаламандыкта Ош облустук "Тез жардам" кызматынын “Форд-Транзит” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелери талкаланган. Социалдык тармактарга тараган видеолордо жаалданган эл оюндун калысын, “Тез жардам” кызматынын машинесин кубалап таш, желим бөтөлкөлөр менен чаап жатканын көрүүгө болот.
Оштогу “Төлөйкөн” ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалашкан. “Достук” жана “Ынтымак” командалары финалга чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин “Ынтымак” 2:1 эсебинде жеңип алган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев түндө билдирүү жасап, чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын айткан:
“Урматтуу кыргызстандыктар, ачууга алдырбаңыздар. Биз бирге болууга милдеттүүбүз. Кыргыз жери, кыргыз эли деп кан төккөн жаш балдарыбыздын алдында эмне деп жооп беребиз? Ат оюнун ойноп, бири-бирибиз менен мушташып кеттик деп айтабызбы? Ошол эле таластык Дастаныбыз, оштук Уланыбыз кечээ эле биздин эл, жерди коргоп жанын берди. Чагымчылдар, тартип бузгандар мыйзам чегинде жооп беришет. Аймактык маселени козгобой, бир ууч кыргыз бир болушубуз керек”.
Көкбөрүнү реформа кылуу демилгеси
Кыргызстанда клубдар арасында көкбөрү боюнча жылына негизинен 3-4 жолу – Ноорузда, 9-майда, Эгемендик күнүнө карата чоң мелдештер өтөт. Ар бир оюнда калыстарга, оюндун эрежесине байланыштуу чыр-чатактар чыгып турат. Бирок 31-августта Ошто болгондой чуу чыга элек болчу. Маселе буга чейин Көкбөрү федерациясынын деңгээлинде чечилчү.
Акыркы башаламандык көкбөрү оюнунун жол-жобосун, оюнчулардын башын бириктирген федерацияны реформа кылуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу спорт баяндамачы Кубан Атабеков “Азаттыкка” пикири менен бөлүштү:
“Көкбөрү оюнунун эрежелерин кайра башынан иштеп чыкпаса болбойт. Ошол эле “Көкбөрү” федерациясында да маселе бар. Федерациянын буга чейинки президенттерин эле карасаңар, саясий карьера жасап алып кийин көкбөрүгө көңүл бурбай калган. Көкбөрүгө мындай кош көңүл мамиле жарабайт. Көкбөрү кыргыздардын улуттук оюндарынын туу чокусу болгондон кийин, ага жакшы мамиле болушу зарыл. Ошондуктан көкбөрүнү жеке колго берип, оюндун кунарын дагы да арттырып, калыстарды окутуп, эрежени одоно бузгандарды оюндан четтетип туруш керек. Ушундай жол менен өзгөртпөсө, мен көкбөрүнүн келечегин көрбөй турам. Майрамдык иш-чараларда көкбөрүнү негизги оюн кылып коюу кооптуу экенин 31-августтагы оюн көрсөттү. Ал спорт катары белгиленген бир күндө, убактысында өтүп турушу зарыл. Спорт кылып жайылталы десек, улакчылар ушул оюндан баар таап, клубдар өнүгүп, Казакстанга барып улак чаап турса жакшы болот. Көкбөрү үй-бүлөң менен чогуу барып көргүдөй оюн болсо кандай сонун. Токтоолук менен күйөрмандык кылып, аттарды талкуулап отурсаң. Ошондо көкбөрүнү маданият менен көргөн муун тарбияланат. Антпесе азыр көкбөрүдөн көбүнүн көңүлү калып калышы мүмкүн”.
Кыргызстанда Көкбөрү федерациясын жана облустардагы көкбөрү командаларын күлүк таптап, ошого кызыккан саясатчылар жетектеген учурлар көп. Алар командаларды каржылап турушары айтылып келет.
Ушул тапта Таластын “Көкбөрү” федерациясын Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков жетектейт. Жакында эле башкы прокурор Курманкул Зулушев Эл аралык көкбөрү федерациясына президент болуп шайланды.
Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын жетекчиси Талас Бегалиев оюнга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарга комментарий берди:
“Көкбөрү оюнунда реформа жасалууда. Иш токтоп калган жок. Жакында эле комиссия оюндун эрежесине бир топ өзгөртүүлөрдү киргизди. Бирок көкбөрү дагы өзгөртүүлөргө муктаж. Эрежени жеңилдетип, андан тышкары ат менен сүздүрмөйлөрдү карап чыгышыбыз керек. Айрым учурда оюнчулар калысты укпай, элди көкүтүп жиберүүдө. Аларга жазаны күчөтүш керек. Акыркы окуя элдин, күйөрмандардын эле кылган иши болуп калды. Анткени ал жерде улакчылар ойноп, жакшынакай кол алышып кетишти. Ичи ачышып калган эл оюн талаасына чуркап чыгып таш, желим бөтөлкөлөрдү ыргыта баштады. Оюнчуларда күнөө жок”.
“Бул президентке коңгуроо”
“Достук” жана "Ынтымак" командаларынын беттешин президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, Жогорку Соттун төрагасы, башкы прокурор да көрүп отурган. Президент оюндун аягына чейин отурган эмес. Башаламандык оюн бүткөндөн кийин башталган.
Оюн талаасына жапырт чуркап чыккан жаалданган элдин маанайы тууралуу да ар кандай пикирлер айтылууда. Жарандык активист Мавлян Аскарбеков мындай деди:
“Президент, башкы прокурордун алдында укук коргоо кызматкерлерин сабап, массалык башаламандык кылган коомдо өтө чоң маселелер бар экенин билдирет. 30 жылдан бери билим менен маданиятка көңүл бурулган жок. Көкбөрү оюнунан кийинки ызы-чуудагы коомдун энергиясын каалаган адам келип колдонуп кетсе болорун көрсөттү”.
Көкбөрү оюнунан чыккан чыр Кыргызстанда билим берүү, коомдуу агартуу маселесин да көтөрдү. Бир катар саясатчылар, социалдык тармактын колдонуучулары бийликти ушул маселеге көңүл бурууга чакырып жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына буларды жазды:
“Оштогу көкбөрү оюнундагы көрүнүш - эгемендик алгандан бери билим менен маданиятка жасалган мамиленин анык көрсөткүчү. Эмне үчүн шайлоолордо да билимдүү, компетенттүү адамдардын ордуна ууру-кески, кошоматчы, көпөстөр утуп келет? Анткени дал ушул стадионго дуулдап чуркагандардын, ошолордой ойлонгондор көп. Буга чейин соту да, прокурору да, калысы да - баары сатыла берип, күч, басым менен маселе чечүү нормага айланган. Футбол, улак тартышты колдогондой, ушул оюндарга көңүл бургандай эми билим берүү тармагына катуу көңүл бурбасак, кийин кеч болуп калышы мүмкүн…”.
31-август - эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү. Расмий маалыматка ылайык, Оштогу “Төлөйкөн” ат майданына улуттук оюндарды көрүү үчүн 40 миңден ашык киши келген.
Коопсуздукту сактоо үчүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынан миңден ашуун кызматкер андан тышкары Жалал-Абад менен Ош шаардык милициясынан да укук коргоо кызматкерлери тартылган.