Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Салык кызматы бүгүн төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Салык кызматы бүгүн 1-сентябрда транспорт, турак үй, батир жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экенин эскертти.

“Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы төлөй элек жарандарды бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга чакырат. Салыкты банктардын кассалары, почта бөлүмдөрү, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдары, төлөм карталары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот”, - деп билдирди мекеме.

Быйылтан баштап өкмөт салыкты төлөбөгөндөрдгө жаза чарасын колдоно баштаганы жатат. Салыгын убагында төлөбөй калган жарандарга 1 миң сомдук, мекеме-ишканаларга 5 миң сомдук айыппул каралган. Туум салыктын суммасынан 0,09 процентти түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG