Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:14

Диплом чыры: депутат Алимжанов ОшМУну сотко берди


Фарходбек Алимжанов.
Фарходбек Алимжанов.

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжанов диплом чырына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин сотко бергени белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Таалайкүл Токтакунова 28-августта билдирди.

Анын айтымында, иш Ош шаардык административдик сотунда каралып жатат.

“БШК Алимжановдун мандатын ОшМУнун чыгарган чечиминин негизинде жокко чыгарган. Негизи бул чечимди министрлик (ред: - Билим берүү жана илим министрлиги) бериши керек болчу. Бул жерде процедура бузулган".

Алимжанов жогорку окуу жайдын сынактарына катышкан эмес деген айып боюнча да даттанып жатканын адвокат ырастады. Депутат университеттеги бардык сынактарды толук тапшырганын, окуу жылынын ортосундагы сынактарга мөөнөтүнөн мурда киргенин айтууда.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы бул боюнча алдын ала соттук угуу 4-октябрга белгиленгенин билдирди.

ОшМУ бул тууралуу комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Алимжановдун жана Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Фархат Исмаиловду мандатынан ажыраткан. Эки депутат тең мындай чечимге каршы сотко арызданган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG