Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Британ чалгын кызматы: Пригожин "каза болушу мүмкүн"


"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин 21-августта жарыяланган видеосунан алынган кадр. 21-август, 2023-жыл.
"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин 21-августта жарыяланган видеосунан алынган кадр. 21-август, 2023-жыл.

Британиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин авиакырсыкта "каза болушу толук мүмкүн". Азырынча орус бийлиги Пригожиндин өлүмүн бышыктай элек.

24-августтун кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Твердеги учак кырсыгында өмүрү кыйылган он кишинин жакындарына көңүл айтуу менен бирге Пригожин тууралуу өткөн чакта сүйлөдү.

Бирок Путин башкы "вагнерчинин" өлүмүн расмий тастыктаган жок.

Британ чалгын кызматы тараткан маалыматта, Пригожин коопсуздук чараларын сактап келсе дагы "ал каза болушу толук мүмкүн" экени белгиленген.

Буга чейин АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал Патрик Райдер Пригожинди авиакырсыкта өлдү деп эсептерин айткан эле.

23-августтун кечинде Тверь облусунда Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары күйүп кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин аттуу киши болгон.

24-августтун таңында куткаруу иштери аяктаганы, кырсык болгон жерде он кишинин сөөгү аныкталганы кабарланды.

"Вагнердин" командирлери Евгений Пригожиндин өлүмүн ырасташты, анткен менен ага жакын Телеграм-каналдар Пригожиндин өлүмүнүн расмий бышыкталышын күтүүгө чакырышты.

Пригожиндин эки ай мурдагы козголоңун эске алганда, орус бийлиги атайылап анын көзүн тазалаган болушу ыктымал деген пикирлер да айтылууда.

Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24 июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Ал орусиялык аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган. Телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин орто жолдон артка кайткан.

Куралдуу козголоң маалында жасаган кайрылуусунда Владимир Путин Пригожинди Орусиянын аскердик жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке дымагынан улам мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыптаган. Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат" деп убада кылган.

XS
SM
MD
LG