Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

РИА Новости: Суровикиндин ордуна Афзалов дайындалды


Сергей Суровикин
Сергей Суровикин

Генерал Сергей Суровикин Орусиянын аскердик-космос күчтөрүнүн башчылыгынан алынганын, аталган кызматка убактылуу генерал Виктор Афзалов дайындалганын РИА Новости өз булактарына таянып жазды.

Суровикин иштен алынган болушу мүмкүндүгү тууралуу журналист Алексей Венедиктов президенттин жашыруун токтомуна таянып билдирген. Венедиктовдун маалыматында Суровикин Коргоо министрлигинде иштей берери айтылган. Ушундай эле кабарды РБК агенттиги да тараткан.

Генералдын кызматтан алынганын орус өкмөтүнө иштеген аскердик блогерлер дагы билдиришти. "Рыбарь" Суровикин июнь айында "Вагнердин" козголоңунан кийин эле иштен четтетилгенин жазды.

Сергей Суровикин Украинадагы согушта орусиялык армияны 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын январь айына чейин жетектеген. Кийин Валерий Герасимов башында турган Башкы штабда орун басарлык кызматка барган. 2017-жылдан бери аскердик-космос күчтөрүнүн жетекчиси болуп да иштеп келген.

Июнь айында "вагнерчилердин" козголоңунда Суровикин жалданма жоочуларды ордуна кайтууга чакырган. Ага чейин маалымат каражаттары Суровикиндин "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин менен байланышы тууралуу кабарлашкан. Айрым маалымат булактары генерал козголоңдон кийин кармалганын жазышкан.

XS
SM
MD
LG