Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “алдамчылык” беренеси менен Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Майрамбек Мусадаров кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын кабарлашынча, шектүү Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун жанынан жер тилкесин берем деп бир жарандын ишенимине кирип, анын 5000 долларын жана Ауди С4 автоунаасын тартып алган. УКМК шектүү ал жер тилкесин Көлбаевге өткөрүп бергенин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Майрамбек Мусадаров криминалдык чөйрөдө Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагынын “көзөмөлдөөчүсү” болгон. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) беренеси менен иш козголуп, тергөө башталды.

Кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевге козголгон соңку кылмыш иши 2021-жылы кыскарганы жакында эле белгилүү болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG