22-августтун таңында Пакистандын Түштүк Вазиристан аймагында радикал согушкерлердин кол салуусунан бери дегенде 11 аскер мүрт кетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Барах районуна жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өлкөдө тыюу салынган «Техрик-и-Талибан Пакистан» (ТТП) кыймылы алып, 18 жоокерди жок кылганын билдирди.
“Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу максатын айтып келишет.
Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы туруу үчүн кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуулук кылат.