Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:59

“Вагнердин” тузагы: Бахмутта окко учкан мигранттар


Коллаж.
Коллаж.

Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борбор азиялык мигрант бөтөн эл, бөлөк жерде ажал тапты. Темир тордон чыгып, эңсеген эркиндикке жетерин элестеткендер “вагнерчилердин” азгырыгына оңой эле кирген. Айрымдары басымга кабылган.

“Азаттык” орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын укту.

Түрмөдөн согуш тузагына кабылган башка борбор азиялыктар менен да байланыштык. Украинадагы уруштун көрүнбөгөн курмандыгына айланган мигранттар тууралуу иликтөөлөрүбүздүн экинчи бөлүгүндө дал ошол "вагнерчилердин" торуна түшкөндөр тууралуу айтып беребиз.

Эрлан: Апа, бизди бүгүн алып кетип атат. Болду, чалбагыла

Бул Украинадагы согушта окко учкан кыргыз жигиттин энесинин телефонунда сакталып калган акыркы үнү:

"Апа, бизди кетирип жатат, бүгүн түнү саат 2де жолго чыгасыңар, даярдангыла деп атат. Апа, телефонуңузга чалсам албайсыз го, бизди бүгүн алып кетип атат. Болду, чалбагыла. Иттер жүрөт, сүйлөшө албайм".

Эрландын эжесине жөнөткөн аудио билдирүүсү:

“Элнура эже, эми ыйлабаңыз. Баары жакшы болот, Кудай кааласа. Баары Алладан, бешенеге ушул жазылган экен. Барып, бардыгы жакшы болсо, алты айда чыгып барам. Бул дагы бир мүмкүнчүлүк болуп жатат, эже. Бир эле мен кеткен жокмун. Биздин зонадан эле 200дөй, башка зоналардан толугу менен кетип атышат. Бешене, эже. Барып көрөм".

30 жашында бөтөн жерде өмүрү кыйылган Эрлан Эрмеков Сибирдеги абактан "Вагнер" жеке аскердик компаниясы менен ажалга азгырылып кеткен.

Украинадагы согушта жалгыз уулунан айрылып, кан жутуп турган Гүлнара Закированын күйүтү качан басылып, көксөөсү качан сууйт? Аны айтуу кыйын... Уулунун алыстагы апаатка кеткенин уккан эне төрт ай бою жалгыз туягынын аман-эсен келишин кудайдан тилеген эле.

“31-январда мага видео чалуу менен сүйлөшкөн. Колунда автомат турат го балам, эмнеге мындай кылдың десем, "апа, ашканага кирсек деле автомат алабыз, жилет менен жүрөбүз" деп шашып шаурма жеп атыптыр... Акыркы болгону ушул болду. 6-февралда өлгөн экен, Артемовскиге (Украинанын Бахмут шаары - ред.) биринчи ушулар кирген экен да. Бир точка бар, ошол жерден өтүп алсак мөөрөй биздики деген эле. Көрсө, ошол Артемовск экен. Мага 18-февралда “Вагнерден” Эрлан Эрмеков сенин балаңбы деп чалды. “Сиздин балаңыз баатырларча курман болду, биз аны менен сыймыктанабыз” дебедиби... Ушуларды бир сыйра көрүп коюп жашап жүрөм. Жашоонун дагы кереги жок. Баламды атайын карматып койгон баланы издейм...", - деп буркурайт апасы Гүлнара Закирова.

2022-жылы 24-февралда орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй оор жоготууларга учурай баштаган. Ушундан кийин Орусиядагы бейрасмий “Вагнер” компаниясы соттолгондорду согушка азгырып, кийин мажбурлоого өткөн. Компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин түрмөлөрдү түрө кыдырып, согушка жалдаган.

Темир тордон чыгып, жасаган кылмышынан акталып, эңсеген эркиндикке жетерин элестеткендер Пригожиндин азыгырына оңой эле кирген. Аны менен катар эле айрым абактарда басым күчөп, соттолгондор “Вагнерге” кошулууга аргасыз болгон учурлар да катталган.

Бул Орусияда соттолуп, мекенине которула албай, зарыгып абакта отурган миңдеген мигрантты согушка салуунун эң оңой жолу эле.

Эрлан Эрмеков 2014-жылы Москвада жасалган кылмыш үчүн 2018-жылы Орусияда кармалган. Сот аны "тоноо", "зордуктоо" беренелери менен айыптап, тогуз жылга кескен.

Гүлнара Закирова эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, уулун орус түрмөсүнөн Кыргызстандагы абакка которууга бир нече жолу аракет жасаган. Бирок которуу тууралуу токтом чыкканы менен, аракетинен майнап болгон эмес.

"Бир жыл сегиз айда барбаган жерим калган жок. Орусияда бардык инстанцияларына чейин кайрылдым. Эч которулбай туруп алды. Балам тажады. Өзүм Орусиянын, балам Кыргызстандын жараны болгон үчүн көп эле мурдумду тыга албадым. Ана болот, мына болот эле дей беришти. Болот, биз деле аракет кылып жатабыз дей беришти. Эч ким барган жок, Москвага барган депутаттардын артынан канча жүгүрүп жүрдүм.

Видео менен сүйлөшүп жаттык Украинада деле. Балам аябай арыктаган, эмне кылып атасың десем “менден кыжаалат болбоңуз, мен ашпозчумун деди”. Мен дагы ошого ишенип жүрө бериптирмин да... Ашпозчу эмес эле согушуп жүргөн экен".

Эрландын Украинадагы кан күйгөн кармашка кеткенине төрт айга чукулдаганда суук кабар келген. Темир табытка салынган сөөгү 20 күн дегенде жакындарынын колуна тийген.

"Келгенде табытта эч нерсе жок деп ойлодум эле. Талкаланып, оң жагына снаряд тийген экен, чачылып чыгып кетиптир. Колунан, бутунан бирден тырмагы жок. Эмнеге мындай десем ДНК анализ алдык дешти. "Таштаба мени" деп бакырып ыйласам, байкуш балам өлгөнүнө 20 күн болгондо сол көзүн кадимкидей ачып жатпайбы.. Колун карасам сөөмөйү капкара болуп күйүп калыптыр. Булар дем алышсыз чуркашкан экен да... Болгондо дагы чабуулда болгон экен. Ушуларды биринчи салып берет экен да...", - деди апасы.

Эрлан сыяктуу "вагнерчилерди" кармаштын чордонуна ташташкан. Муну “Азаттыктын” колуна тийген “кара кагаздар” дагы тастыктап турат.

Украинадагы уруштун эң кандуу жери Бахмут болду. "Вагнерге" азгырылган кыргызстандыктардын бир тобу дал ошол Бахмутта окко учкан.

"Вагнер" менен согушка барып, каза болгондордун жакындары журналисттер менен сүйлөшүүнү каалашпайт. "Азаттык" тактаган ондон ашуун учурдун дээрлик бардыгы, окуясын ачык айтып бергенден качышат.

Иликтөөнүн видеосун бул жерден көрүңүз:

"Табытты өз колум менен ачтым". Уулун жоготкон дагы бир эне

Чүй өрөөнүндөгү айылдардын бири. Биз жарым жыл мурда Украинада урушта каза болгон дагы бир жарандын үйүнө жол тарттык. Тилекке каршы, маркумдун ата-энеси үйүндө жок болуп чыкты...

Биз маркумдун жакындарынын бири менен телефондон байланыштык. (Биз телефондон сүйлөшкөн маркумдун жакынынын аты белгилүү себептерден улам айтылбайт).

- Эмне болуп өлгөндүгү сиздерге айтылдыбы?

- Айтылган эмес.

- Көбүнчө снаряд жарылды деп келип жатпайбы?

- Андай дегени жок, бир нерсе деген облуста саат мынчада өлдү деген...

- Бахмутта же Артемовск облусунда дептирби?

- Ооба, Артемовск деген.

- Сөөгү бүтүн эле келдиби?

- Сөөгү таптаза, эч бир кесилген жери жок. Башынын артынан кичине жараат алган.

- Табытты ачканга мүмкүн болдубу, аны дагы ачпагыла деген көрсөтмө менен жөнөтүлүп жаткан кийинкилери?

- Табытты мен өз колум менен ачтым. Ичинде тирүү эле жаткандай, жаны гана жок. Түсү, башкасы бардыгы орду ордунда. Чачырап кеткен же күйүп калган эмес.

- Кадимкидей мусулманчылык жөрөлгөлөр менен жерге бердиңиздер да?

- Ооба, жууп-тазалап, ороп... Көксөө суубай жатат да.

- Сөөгүн бир ай күттүңүздөрбү?

- Бир ай күттүк, 17си өлдү деген, кийинки айдын 15инде алдык.

- Кимдир бирөөгө согушка кетип жатканын, ушунча убакта кайтам деп айткан бекен?

- Аны бизге эч ким айтпай жатат, мага ушуну айтты эле деген бирөө жок болуп жатат. Мен эки өлкөнүн ортосунан кимдин оозунан издейм бул сөздү же кимге жалдырап барам эмне айтты эле деп...

34 жаштагы жигит Москвада киши өлтүрүүгө айыпталып, 2019-жылы 8,5 жылга кесилген. Белгилүү себептерден улам анын аты-жөнүн айта албайбыз.

Былтыр күзүндө аны Кыргызстанга экстрадициялоого Татарстандагы райондук сот макулдук берген. Бирок ал капыстан эле Украинадагы урушка кеткен. Бул анын жакындары үчүн да табышмак.

Маркум алты бир туугандын улуусу эле. Артында эки баласы калды. Жакындары “Вагнер” келишим түзгөндө убада кылган акчаны да алган эмес.

Орус абактарынан "Вагнердин" тузагына түшүп, кан күйгөн кармашка баргандардын көбү жакындарына бул тууралуу айткан эмес.

Ошондон улам канча кыргызстандык "Вагнерге" кошулуп согушка барганы, кайтып келгени же жараат алганы баймаалым.

Украинанын чыгышында кандуу кармаш күчөгөн сайын Орусиянын бир катар аймактарында, анын ичинде Москванын жака-белинде "вагнерчилердики" делген көрүстөндөр көбөйгөн. Социалдык медиага жарыяланган сүрөт-видеолордон мүрзөгө орнотулган тактайдагы жазуудан борбор азиялыктардын аты-жөнү дароо көрүнөт. Айрым көрүстөндөрдө мусулмандардын сөөгү өзүнчө бир жерге коюлган.


“Азаттыктын” колуна тийген кара кагаздан кеминде эки кыргызстандыктын сөөгүн тактадык.

Алардын бири 41 жаштагы кыргыз жараны Бахмуттагы кармашта жок болгон. Ага жардыргыч заттын чачырандысы тийген. Жакындарына кайгылуу кабарды эки жарым айдан өтүп угузушкан.

Жарым жылдан бери бери маркумдун жакындары сөөктү Кыргызстанга алып келүү аракетинде.

Москвадан алыс эмес жайгашкан "Каармандар аллеясы" деп аталган көрүстөнгө ондогон "вагнерчилердин" сөөгү коюлган. Алардын арасында Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Адахамжон Гуламжанов да жер жазданып жатат.

Британиянын чалгын кызматынын соңку баяндамасында 12 айга аяк баскан Бахмут үчүн салгылашта "Вагнер" орус түрмөлөрүнөн азгырган 20 миңдей киши набыт болгон.

Мунун алдында "Вагнерге" жакын башка булак Украинадагы согушка жалпысынан 78 миң киши жалданганын, алардын 49 миңи абакта отургандар экенин жазган.

Ал арада: “Цинк табытта карайган чоң сөөк бар экен”,
“Күйүп кеткен сөөктөр”, “табыт бош”, “табыт күйөөмдүн далысынан эки эсе тар экен”... Ушу өңдүү талкуулар “вагнерчилердин” аялдары менен энелери кошулган чатка жарыялана баштаган.

"Вагнердин" кандуу чеңгелине түшкөндөр

Орусиядагы мигранттар менен тыгыз иштешкен юрист Мирлан Токтобеков орус түрмөлөрүндө согушка мажбурлоо кандай жүрүп жатканын баяндады.

"Жаза мөөнөттөрүн өтөө жайларында “Вагнердин” ээси өзү барып, адамдарга убада берип, ишендирип алып кете баштады. Кампания катуу иштей баштаганда коркутууларга, мажбурлоого өтүштү. Башында өз эрки менен узак мөөнөткө камалгандар, оор кылмыш кылгандар кетсе, кийин мөөнөтү бүтөйүн деп калган, аскердик тажрыйбасы жок балдарды дагы мажбурлай баштады. Бул жерде бир эле кыргыз жарандары деп эле айтпайм, борбор азиялыктар ушундайга туш болду. Көп өтпөй эле компенсация, сөөктү мекенине жеткирүү боюнча көп маселелер пайда болду", - дейт юрист.

Согушка кетип, дайыны чыкпаган мигранттарды издөөгө юристтер дагы көмөктөшүүдө. Алардын сөзүнө караганда, балдарын, күйөөлөрүн издеп, абактан таба албай калгандар дале арбын.

"Биздин жердештерибиз, борбор азиялыктар айткан маалыматтарга таянып, кыргыз, өзбек жана тажиктер көмүлгөн көрүстөндөрдү таптык. Ошондон кийин гана каза болгон адамдардын тек-жайын аныктоого мүмкүн болду. Биздин маалымат боюнча, 30дан ашуун Кыргызстандын жараны каза болгон. Ал эми Орусиянын жарандыгын алган теги кыргыздарды кошкондо каза болгондордун саны 50-60тын тегерегинде. Болжол менен биздин эсеп боюнча орус-украин кагылышында 150-200гө жакын кыргыз тектүүлөр эки жакта тең согушуп жүрүшөт. Алардын көбү Орусия тарапта. Украина тараптан дагы согуш талаасында калып калган эки-үч ID карта табылган".

Ал арада Телеграм-каналдарда украин тарапка туткунга түшкөн жана согушта өлгөндөрдүн саны улам узарууда. Баласын, күйөөсүн, жакынын издегендер интернет булактарында дагы арбын.

Тилекке каршы, муну менен темир табыттардын кыргыз айыл-кыштактарына келгени токтогон жок.

Аян Алишеров: Апа, дубаңызды бериңиз, алты айдын ичинде чыгып кетем

"Ноябрда өлгөн балам январда коюлду... Акчасы деле татыбайт экен... Баламды согуштан алып калыш үчүн үйүмдү дагы сатып берет элем".

Көз жашын төгүп, көкүрөгү өрттөнүп турган Рахатай Абдибалиеванын тун уулу Аян Алишеров “Вагнердин” тузагына илинип, бөтөн жердеги кармашка аттанган. Ал түрмөдөн согушка алгачкылардан болуп тартылган..

"Сентябрдын аягы, 25иби билбейм. Эмне болгондору азыр эсимден чыгып калды. Батирде отурсам, "Апа, мага батаңызды бериңиз, алты айдын ичинде чыгып кетем” деди. "Сиз айткан тойлор болот, өзүм адвокат болуп, өзүмө окшогондорду коргойм" деди. Колуңду ач сен дагы дедим, экөөбүз телефондон сүйлөшүп оомийин кылдык. Ошондо ызы-чуу болуп, балам станцияда жүргөндөй сезилди".

29 жаштагы Аян ошондо Кыргызстанга эмес, кан кайнаган согушка жөнөп кеткен экен...

Украинанын Бахмут шаарынын алдындагы салгылашта каза болгон Аян орус жарандыгын алган эмес.

Ал 2019-жылы Москвада "адам уурдоо" жана "опузалап акча талап кылуу" беренелери боюнча шек саналып, камакка алынган. Жети жылга кесилген Аян Мордовиядагы түрмөдө мөөнөтүн өтөп жаткан. Жакындарына келген “кара кагазда” анын ноябрда набыт болгону көрсөтүлгөн. Бирок сөөгү алыстагы мекенине эки айдан кийин гана жеткирилген.

"Биринчи барганда баламбы же башкабы деп көрөйүн десем болбойт дешти. Чындыгында ушунчалык эле жаман окшойт деп ойлодум, жакшы эле экен. Катырып койот да. 24-ноябрда өлгөн экен, 23-январда жерге берилди. Көзү кызарып калган, күйөөм көзүнүн астынанбы, башынанбы кан чыгып турду деди. Жардыруу болгонбу".

Апасы Аянды Кыргызстанга экстрадициялоону өтүнүп, Москвадагы кыргыз элчилигине бир нече жолу кайрылган.

"Баламдын которулушун 2021-жылдан бери күттүк. Акыры апа булар бары бир которбойт, мен ишенбей калдым деп акыркы күндөрү чыдабай калган. “Өлүп болсо дагы” дей берет эле. Ар бир сөзүндө эле “өлүп болсо дагы күнөөсүз экенимди далилдейм” дей берчү. Мен бир жерди тоноп камалсам отурат элем, ак жерден күйүп камалып калдым, эмнеге ушундай менин бешенем дейт эле".

Рахатай Абдибалиева.
Рахатай Абдибалиева.

Аяндын апасы Рахатай Абдибалиева тун уулунун "жалган жалаа менен камалып кеткенин” айтып берген. Маркумдун жакындары абакта отурган уулунун Украинадагы согушка кандай жол менен кеткени табышмак экенин айтууда.

"Балам менен октябрда сүйлөшкөм. Ошол бойдон январда иште жүрсөм орус адам чалып, "балаңыз ушундай болуп өлдү" деди. Ошондо мага түшүнүксүз болуп калды. Кандайча менин түрмөдө жаткан балам, Украинада өлөт? Мага жардырууда курман болду балаңыз деди. Мен эмне кылышымды билбестен, өзүмдү жоготуп койдум. Элчиликке барып, кандай кылсам болот, кандай арыз жазсам болот десем ал жердеги юрист биздин колубуздан эч нерсе келбейт, эч нерсе кыла албайсыз деди. Менин балам өлүп атат го, итим өлгөн жок го дедим. Кандай жардам көрсөтө аласыңар дедим. Биздин колубуздан эч нерсе келбейт деди. Көзүм караңгалышып, Москва ылай болуп, көзүмө бир башкача көрүнүп калды. Ноябрда өлсө элчилик эмнеге карабады, эмнеге издештирбеди. Акыркы ушунча баланын саны бар да. Эмнеге карабады, мен нааразымын".

Аяндын өзүнүн азан чакырып койгон аты Алимбек Абдибалиев болчу. Бир нече жыл мурун Орусиядан депортация болгондон кийин Аян Алишеров деген ат менен жаңы паспорт алып, Москвага кайра аттанган.

Украинадагы согушта "Вагнердин" катарында жүрүп набыт болгон жигиттердин бери дегенде бешөө Орусиядан депортациялангандан кийин фамилиясын өзгөртүп, жаңы паспорт менен кайра киришкен. Ошондо кийинки жолу алыстагы мекенине алардын сөөгү келерин эч кимиси капарына да албаса керек...

“Забирай, твой сын погиб”. Согушта уулун жоготкон төртүнчү бүлө

Жакындары анын ысымын атабоону суранышты.

"Садага болоюн бир туугандарым, мен баламдан ажыраптырмын. Украинага кеткен эле. Кандай кылам. “Забирай, твой сын погиб” дейт. Нес болуп эшикте отурам".

Бул уулу каза болгонун укккан күнү жакындарына аудио билдирүү жөнөткөн эненин үнү. Боздогон эне ишенген уулу согушта каза болгонун май айында укту. Баласынын күйүтүнө чыдабай ооруканага түшүп калган... Ал жүзүн көрсөтпөй, атын айтпай сүйлөп берүүгө макул болду.

"Украинага кетип жатам деп айткан жок да. Ошондон кийин элчиликке, котормочуга дагы балам үч-төрт айдан бери байланышка чыкпай жатат деп элчиликке кайрылдым. "Ростов облусуна которулуптур" деп жооп келди. Анда Украинага кетип калганбы деп шекший баштадым. Биздин колубуздан эч нерсе келбейт деди элчилик. Менин колумдан дагы, булардын колунан дагы эч нерсе келбесе башка мен кайсыл жакка кайрылам деп тирүү келсе экен деп тилек кылып отурдум... Алты ай өткөндөн кийин кайра чалдым. Бир аптадан кийин эле “балаң өлдү, сөөгүн алып кет” дешти. Марттын 8инде өлгөн экен. Ага чейин мага эч ким өлдү деп айткан жок эле".

“Вагнер” компаниясы түрмөдөн ары азгырып кеткен маркумдун сөөгү салынган темир табытта "мүрзөгө барганга чейин ачпагыла" деген жазуу чапталып келген. Кырчын курактагы жигит Бахмуттагы кармашта каза тапкан.

"Ачпагыла деди, снаряд түшүп күйүп кеткен деди. Кандайча күйүп кетти десем, снаряд түшүп 600 адам күйгөн деди. Нес болуп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Ошондон бери эле ооруйм.... Жаш баламды алып кетип жок кылып коюшту, бир эле ушул балам эле ишенген. Путиндин эле (Орусиянын президенти Владмир Путин – ред.) буйругу болуп, Путин эле жок кылды деп ойлойм мен. Путин мени атса атып кетсин. Башка менин айта турган деле сөзүм жок. Мага өтө күйүмдүү бала эле. Түрмөдөн алдап алып кетишип, баламды жок кылды".

Маркум 28 жашта болчу. Ал 18 жашынан бери миграцияда жүргөн. Москвада 2020-жылы тоноого шек саналып кармалып, 2022-жылы алты жылга кесилген. Ал үч бир туугандын ортончусу болгон.

31-июлда “Вагнердин” негиздөөчүсү Пригожин Телеграм-каналына согушка жоочуларды жалдоо токтотулганын кабарлады. “Путиндин ашпозчусу” атыккан олигарх буга чейин түрмөлөрдү кыдыруу токтогонун жар салган.

Бирок ага карабай, азыр дагы түрмөлөрдө согушка мажбурлоо жүрүп жатканын учурда абакта отурган кыргыз мигрант “Азаттыкка” ырастады.

"Ооба, абактан согушка алып кетип жаткандар дагы деле болуп жатат. Азыр Коргоо министрлиги келип жатат, үч-төрт жолу келип кетти окшойт. Бир-эки жерден мажбурлоо менен эле алып кетип жатыптыр деген тастыкталбаган маалыматтарды угуп жатабыз. Алар деле убадалары “Вагнердикине” окшош. Аябай көп пунктары бар экен. “Леопард” танкын иштен чыгара турган болсоң 500 миң, аны таза бойдон алып чыгып келсең ага дагы кошуп берет. Ушул сыяктуу пункттары бар. Калганы ошондой эле", - деп айтып берди Орусиядагы абактардын биринде отурган кыргыз жараны.

Орусия: Экстрацияны эңсеген мигранттар

Ушул тапта ондогон ата-эне орус абактарында отурган жакындарын Кыргызстанга экстрадициялоону кыргыз бийлигинен суранып жүрөт.

Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын прокурору Назарбек Кенжеев орус абактарынан которулуунун чоо-жайын түшүндүрүп берди.

"Конвенциянын талаптарына ылайык, Орусияда кылмыш деп таанылган жосун биздин Кылмыш-жаза кодексинде дагы кылмыш деп таанылса которулууга жатат. Баш тартуунун себептеринин бири – адам өлтүрүү, ден соолукка оор залал келирүү, зордуктоо жана каракчылык, тоноо иштери боюнча жабырлануучуга келтирилген материалдык зыян өңдүрүлбөсө анда которуудан баш тартылышы мүмкүн. Бул конвенцияда дагы, Орусиянын жана Кыргызстандын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде көрсөтүлгөн", - дейт Кенжеев.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр Орусиядан эркинен ажыратылган 33 жаран экстрадицияланган. Быйыл жыл башынан бери 35 жаран Кыргызстанга которулса, дагы 38ин алып келүү иши уланууда. 188 жарандын арызы каралууда.

“Вагнердин” тагдыры арсар болуп турган шартта мигранттарга убада кылынган орус паспортун, келишимде көрсөтүлгөн акчасын ала албай калгандар да бар.

"Жарадар болуп же өзүнүн келишиминин мөөнөтү бүтүп, аман-эсен кайткандарга дагы атуулдук бербей койгон учурлар кездешип жатат. Орусиянын жарандыгын бербей койду, кандай кылсам деп кайрылып жатышат", - деди юрист Мирлан Токтобеков.

Кыргызстандын 7 млн калкынын 1 миллиондон ашууну миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Расмий маалымат боюнча, орус түрмөлөрүндө Кыргызстандын 1100дөй жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Дагы 900дөйү тергөө абактарында отурат.

Тышкы иштер министрлиги былтыр чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келгенин билдирген. Быйыл алты айда 297 табыт жеткирилген. Алардын канчасы согушта өлгөнү беймаалым.

Орусия эң жакын коңшусу Украинага басып кирип, согуш ачканына 1,5 жылга жакындады. Бөтөн эл, бөлөк жердеги кан күйгөн кармашка тагдырдын татаал сыноосуна кабылып, орус абактарында отурган борбор азиялык мигранттар да аралашууга мажбур болду. "Вагнердин" тузагына илингендердин жалпы саны, алардын канчасы өлүп, канчасы жарадар экени беймаалым.

Тышкы иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы “Азаттыктын” суроолоруна бул материал жарыялангыча жооп берген жок.

“Вагнер” компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салган.

Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы окуя боюнча бейтарап макамды карманып келе жатат.

Украинадагы согушка катышканы үчүн кармалды

Ал ортодо Кыргызстанда “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка катышып келгени үчүн кармалган биринчи учур катталды. “Азаттык” анын 27 жаштагы Нарын облусунун тургуну экенин аныктады.

Кыргыз күч органдары аны кайтып келгенден үч аптадан соң “жалданмачылыкка” шектүү катары кармаган. 15-августта УКМК кылмыш иши сотко өткөрүп берилгенин билдирди.

Жакындары 27 жаштагы жарандын аргасыздан “Вагнер” тобуна кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым суроодо.

Шектүү 2020-жылы Орусияга эмгек миграциясына кеткен. 2021-жылы полиция аны "маңзат алып жүрөт" деген шек менен кармаган. Ошол эле жылы Орусия соту 10 жылга абакка кескен.

2022-жылдын аягында ал абактан “вагнерчилердин” катарына кошулуп, Украинадагы согушка кеткен.

Бул Кыргызстанда орус күчтөрүнө кошулуп, Украинадагы согушка катышканы үчүн кармалган экинчи жаран болуп калды. Быйыл май айында Украинадагы согушка катышкан кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу жазага тартылган. Ал миграцияда жүргөн орус паспортун алуу үчүн келишимдик негизде орус күчтөрүнө кошулуп, сокушка кеткен.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

XS
SM
MD
LG