Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:36

Караколдун төрөт үйүндөгү окуя боюнча кызматтык иликтөө аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук төрөт үйүндөгү окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн 18-августта “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, төрөткананын жетекчилигине директордун орун басарын тартип жазасына тартуу жана акушер-гинекологдун, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнүн башчысынын жана окуяга тиешеси бар башка да медицина кызматкерлеринин ээлеген жумуш орду боюнча маселени карап чыгуу сунушу берилди.

Кызматтык иликтөө министрдин орун басарынын жетекчилиги менен жүргүзүлдү.

26 жаштагы кош бойлуу келин 10-августта жаткырылганы, анын төрөтүн кабыл алуу ыкмасы клиникалык протоколго ылайык туура тандалганы, бирок төрөт учурунда медицина кызматкерлери ката кетиргени аныкталганы кабарланды.

“Азыркы кезде ымыркайдын саламаттыгына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп жатат. Антибактериялык терапия курсу уланууда. Баланын абалын көзөмөлдөөнүн сапаты канааттандырарлык. Дарылоо Улуттук клиникалык протоколдун негизинде жүргүзүлүп жатат. Келиндин төрөттөн кийинки абалы салыштырмалуу канааттандырарлык”, - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Жаңы көз жарган келини жана анын ымыркайы оор абалда жатканын жакындары социалдык түйүндөр аркылуу айтып чыгышкан. 15-августта алар президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдоп, “дарыгерлер карабай койгон” деп билдиришкен жана жардам сурашкан.

“Дарыгерлер карабай койгондуктан баламдын жана жубайымдын абалы өтө оор. Баламдын колу жана акыреги сынып, мээсине кан куюлуп кетиптир. Ушуну өз көзөмөлүңүзгө алып берсеңиз”, - деди келиндин күйөөсү. Окуя 14-августка караган түнү болгону айтылды.

Окуянын чоо-жайын саламаттык сактоо кызматкерлери менен катар ички иштер органдары да териштирип жатышканын министрлик билдирген.

Ушул эле төрөт үйүндө быйыл январь айында эки аптада алты ымыркай инфекциядан чарчап калган. Буга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталып, алты жетекчи иштен алынган эле. (RK)

XS
SM
MD
LG