Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Путин менен Раиси Ирандын БРИКС уюмуна ыктымал мүчөлүгүн сүйлөштү


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын лидери Ибрахим Раиси. Тегеран. 19-июль, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын лидери Ибрахим Раиси. Тегеран. 19-июль, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын лидери Ибрахим Раиси Тегерандын экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бирикмеси - БРИКС уюмуна келечекте мүчө болушун телефондон 17-августта талкуулашты.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кремлдин маалыматына таянып билдирди.

Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка республикасы кирген БРИКС уюму ушул айдын соңунда Йоханнесбургда өтө турган саммитте өз катарына Иранды кошуу маселесин талкуулайт.

Путин менен Раиси ошондой эле соода, транспорт, энергетика тармагында эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнү уланта берүүнү ырасташканын ТАСС жазды.

Быйыл Иран Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгону расмий жарыяланган. 4-июлда уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын онлайн саммитининен соң ШКУнун Бээжин шаарындагы катчылыгынын имаратынын алдында Ирандын туусун көтөрүү аземи өттү.

ШКУ коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташуу максатында Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан 2001-жылы негизделген.

XS
SM
MD
LG