Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:18

АКШ Навальныйды ууландырууга тиешеси бар төрт адамга санкция киргизди


Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный Москванын Бабушкинский райондук сотунда. 20-февраль, 2021-жыл. Архивдеги сүрөт.
Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный Москванын Бабушкинский райондук сотунда. 20-февраль, 2021-жыл. Архивдеги сүрөт.

Кошмо Штаттар орус оппозициясынын лидери, 2021-жылдан бери түрмөдө отурган Алексей Навальныйды ууландырууга шектелген Орусиянын төрт жаранына санкция салды. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги билдирди.

"Кара тизмеге" Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Алексей Александров, Константин Кудрявцев, Иван Осипов жана Владимир Паняев кирди.

"Бүгүн биз Владимир Путиндин жана анын режиминин Украинага эч себепсиз согуш ачуу гана эмес, орус калкынын укуктарынын бузулушу да кесепеттүү болорун эсине салабыз. 2020-жылы Алексей Навальныйды өлтүрүү аракети Кремлдин адам укуктарын сыйлабастыгын айгинелейт. Биз Кремлдин потенциалдуу баш кесерлерин жоопкерчиликке тартуу үчүн колубуздагы баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну уланта беребиз", - деп билдирди каржы министринин орун басары Брайан Нельсон.

2020-жылы Орусияда “Новичок” химиялык затына ууланып, Германияда дарыланган Навальный 2021-жылдын башында Москвага келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

Ошондой эле The Insider, Bellingcat, CNN сыяктуу басылмалар Навальныйдын көзүн тазалоо аракетинин артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына катышы бар адамдар турганын иликтеп чыгышкан. Орусиянын бийлиги оппозициячыл саясатчыны ууландырууга тиешеси жок экенин кайталап келет.

XS
SM
MD
LG