Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Казакстанда көмүр шахтасындагы өрттөн эки адам каза тапты


Караганды облусундагы шахта. Иллюстративдик сүрөт.
Караганды облусундагы шахта. Иллюстративдик сүрөт.

Караганды облусуна караштуу Шахтинск шаарындагы «Казакстанская" шахтасында 17-августтун таңында тутанган өрт эки кишинин өмүрүн алды. Дагы үч жумушчуну издөө иштери уланууда.

Сегиз киши ооруканага жеткирилди. Алардын экөөнүн абалы оор. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, шахтанын ичиндеги 222 адам эвакуацияланды.

Өрт эмнеден башталганы азырынча белгисиз.

"Казакстанская" шахтасы 1969-жылы эксплуатацияга берилген. Ал "Арселор Миттал Темиртау" компаниясы иштеткен сегиз шахтанын бири.

Былтыр ноябрда ушул эле компанияга караштуу Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG