Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Иранда тасмасы Канн фестивалында көрсөтүлгөн режиссер алты айга кесилди


Ирандык режиссер Саид Рустаи.
Ирандык режиссер Саид Рустаи.

Терегандагы сот режиссёр Саид Рустаини тасмасы Канн фестивалында 2022-жылы көрсөтүлгөнү үчүн алты айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Азаттыктын" иран кызматы - "Фарда" радиосу кабарлады.

Ушундай эле мөөнөткө тасманын продюсери Жавад Норузбеги да кесилди. Сот экөөнү «ислам системасына каршы оппозициянын пропагандасын жайылтууга салым кошкону» үчүн күнөөлүү деп тапты.

Жаза мөөнөтүнүн тогуз күнүн алар соттун өкүмү күчкө кирери менен, калганын беш жылдан кийин өтөшөт. Бул убакыт ичинде Рустаи менен Норузбегиге "жасаган кылмышка байланыштуу ишмердик менен алектенүүгө" жана кино тармагында иштеген адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салынат.

"Лейланын ага-инилери" тасмасы - Саид Рустаи тарткан үчүнчү толукметраждуу фильм. Ал 75-Канн кинофестивалында Эл аралык кинопресса федерациясынын атайын сыйлыгына татыган.

Бул тасманы Иранда көрсөтүүгө тыюу салынган. Бийликтин жүйөсүнө караганда, буга режиссёр менен продюсер эл аралык кинофестивалга тасманы бийликтен уруксат албастан жөнөтүп жибергени себеп болгон.

Иранда буга чейин да режиссёрлорго жана кинематографисттерге басым-кысым болуп келген.

Ирандын консервативдүү жетекчилиги бийликке жакпаган маданий иш-чаралар менен ишмерлерди Батыштын исламды жек көрсөтүүгө багытталган "жылма согушунун" бөлүгү деп карайт.

XS
SM
MD
LG