Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Cобянин Украинада согушуп жаткан Москва тургундарынын санын айтты


Москванын мэри Сергей Собянин. 1-июль, 2021-жыл.
Москванын мэри Сергей Собянин. 1-июль, 2021-жыл.

Орусиянын баш калаасынын мэри Сергей Собянин Украинада 45 миңдей москвалык согушуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 16-августта өткөрүлгөн жыйындардын биринде айтты. Ал кошумчалагандай, 20 миңдейи - мобилизация аркылуу баргандар, 20 миңдейи - ыктыярчылар жана келишим аркылуу кеткендер, ал эми беш миңдейи - атайын аскерлер.

Собянин ошондой эле "коргонуу каражаттарын курууда" жыйырмадан ашуун москвалык көз жумганын, жүздөн ашууну жаракат алганын айтты. Ал эми согуш талаасында курман болгондор тууралуу үн каткан жок.

Орус бийлиги Украинада согушуп жаткан аскерлеринин саны жана жоготуулары жөнүндө маалымат бербейт. Өткөн жылдын соңунда президент Владимир Путин Украинада мобилизациянын алкагында тартылган 150 миңдей жоокер бар экенин маалымдаган. Ар кандай аскердик эксперттердин эсеби боюнча, Орусия аннексиялап алган украин аймактарында 400-500 миңдей орус аскери бар.

Би-би-си ачык булактардагы маалыматтарга таянып, Украинадагы согушта курман болгон отуз миңдей орусиялык аскердин аты-жөнүн тактаган. Киев жана Батыш чалгын кызматтарынын эсеби боюнча, Орусиянын Украинадагы жоготуулары жүз миңге чамалайт. Анын ичине курман болгондор жана жаракат алгандар да кирет.

XS
SM
MD
LG