Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

Нигерде бийликтен кулатылган президент чыккынчылыкка айыпталууда


Нигердеги төңкөрүштүн лидерлери баш калаа Ниамеядагы стадиондогу жыйында. 6-август, 2023-жыл.
Нигердеги төңкөрүштүн лидерлери баш калаа Ниамеядагы стадиондогу жыйында. 6-август, 2023-жыл.

Нигердеги куралдуу козголоңчулар бийликтен кулатылган президент Мохамед Базумду "мамлекетке чыккынчылык кылган" жана "улуттук коопсуздукка доо кетирген" деген айыптар менен соттоону көздөп жатат.

Бул тууралуу бийликти басып алган хунта 14-августта билдирди. Алардын айтымында, Базум "чет элдик лидерлер жана эл аралык уюмдар менен маалымат алмашып", мамлекетке чыккынчылык кылган.

АКШ, БУУ жана Батыш Африка мамлекеттеринин лидерлери бул кадамды айыпташты.

27-июлда африкалык өлкөдөгү козголоңчулар мамлекет башчы Мохамед Базум кызматынан четтетилгенин, коменданттык саат киргизилгенин, чек аралар жабылганын жарыялаган.

Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган генерал Омар Тчиани 28-июлда өзүн өткөөл мезгилдин президенти деп жарыялаган.

Маалымат каражаттары жазгандай, Базум президенттик сарайдын жер төлөсүндө камалып турат. Ал бийликке эки жыл мурда, өлкөдөгү алгачкы демократиялык шайлоонун жыйынтыгында келген.

Буга чейин Вашингтон козголоңчулардын лидерлери менен Нигерде конституциялык тартипти орнотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылган. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес.

23 миллион калкы бар Нигер - дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири. Өлкө аймагынын 80% Сахара чөлүндө жайгашкан.

XS
SM
MD
LG