Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

Бишкек: автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканы маалымдалды


Бишкекке Кытайдан 25 автобус алып келинди. 13-август, 2023-жыл.
Бишкекке Кытайдан 25 автобус алып келинди. 13-август, 2023-жыл.

Бишкекте муниципалдык автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканын мэриянын басма сөз кызматы 15-августта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын айлык маянасы 50 миң сомдон болот.

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жана троллейбус башкармалыгы "D" категориясындагы айдоочуларды өз командасына чакырат. "ВС" категориясы бар айдоочулар үчүн "Д" категориясына акысыз окутуу жана практика каралган. Курсту аяктагандан кийин биз расмий жумушка жана татыктуу эмгек акыга кепилдик беребиз”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси - курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Автобус жана троллейбус жетишсиз болгондуктан жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык маршруттук кичи автобустар тейлейт. Алар экологияны бузуп, жол коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы, шаарда муниципалдык автобустар көбүрөөк болушу керектиги көптөн бери айтылып келет.

Өткөн аптада борбор калаага Кытайдын Zhongtong bus holding заводунан сатып алынуучу 1000 автобустун алгачкы 25и келген.

Газ менен жүрүүчү бул автобустардын 500ү быйыл, калганы 500ү келерки жылы ташылып келмей болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG