Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Казакстан: "Казакмыстын" жумушчулары иш таштады


Акциянын катышуучулары. 2023-жылдын 14-августу.
Акциянын катышуучулары. 2023-жылдын 14-августу.

Казакстанда бүгүн 14-августта “Казакмыс” компаниясынын шахтёрлору нааразылык акциясына чыгышты. “Азаттыктын” казак кызматынын маалыматына караганда, Улуутоо облусунда жүздөн ашуун жумушчу иш таштап, жалпысынан 15 талап коюшту. Нааразылыгын билдиргендердин саны өсүүдө, алар жүздөп саналышы да ыктымал экени айтылып жатат.

Алар эмгек шартын жакшыртуу, эмгек стажын бир жылды 1,5 жыл деп эсептөө, шахтадагы эскилиги жеткен жабдууларды жаңыртып, кондиционер менен жабдылган техникага алмаштыруу, эмгек өргүүсүнүн мөөнөтүн узартуу деген сыяктуу социалдык талаптарды коюшту.

«Казакмыс» ишканасынын администрациясы бул боюнча маалымат берилерин билдирди. 31-июлда жетекчилик жарым жылдыктын жыйынтыгын жарыялап, жумуш ийгиликтүү журүп жатканын маалымдаган. Корпорация жез, цинк металлдарын казып алуу менен алектенет. (RK)

XS
SM
MD
LG