Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Тоң районундагы жол кырсыгында сегиз адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

13-августта түнү Тоң районунда сегиз адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Каза болгондордун экөө жаш балдар экенин, дагы алты киши жараат алганын Ысык-Көл облустук саламаттык сактоо координатору Жаңыл Акунова "Азаттыкка" билдирди.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бул боюнча тергөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилерин кабарлады.

Маалыматка караганда, каза болгон балдардын бирөө беш айлык, экинчиси 1,5 жашта болгон. Калган алты адамдын бешөө эркек, бирөө аял. Каза болгондор Нарын облусунун, Балыкчы шаарынын жана Тоң районундагы Көк-Мойнок айылынын жашоочулары болгон.

Жараат алгандардан үчөө Балыкчы шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө, калган үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда жыл башынан берки алты айда үч миңден ашуун автокырсык катталып, 820 учурда балдар жабыркаган.

Жол кырсыгынан жалпы 269 адам каза болсо, анын ичинде 38и - балдар. Жол кырсыктарынан адам өлүмүнүн көрсөткүчү быйыл мурдагы жылга караганда 8,5 эсеге өскөн.

XS
SM
MD
LG