Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Пакистанда кытайлык инженерлерге кол салуу болду


Белужистандын кол салуу болгон Гвадар аймагына алып барган жолдордун бири.
Белужистандын кол салуу болгон Гвадар аймагына алып барган жолдордун бири.

13-августта Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында белгисиз жоочулар кытайлык инженерлердин кербенине кол салды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдиришкендей, ортодо чыккан атышуудан үч коопсуздук кызматкери жараат алды. Эки жоочу өлтүрүлүп, үчөө жарадар болду.

Пакистандык сенатор, Белужистан провинциясынын мурдагы полиция башчысы Сарфараз Ахмед Бугти "X" социалдык тармагына (мурдагы Твиттер) жазгандай, чабуулдан Кытайдын бир дагы жараны каза тапкан жок.

Пакистандын армиясы "террорчулар майда куралдарды жана кол гранаталарын" колдонушканын маалымдады.

Пакистанда бир катар ири экономикалык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду жүргүзүп келе жаткан Кытай соңку чабуулду айыптап, кол салуудан кытай жарандары жабыркабаганын билдирди.

"Белужистан боштондук армиясы" билдирүү таратып, Белужистандын Гвадар районунда болгон бул чабуулга жоопкерчилик ала турганын жарыялады. Билдирүүдө эки жанкечти өзүн жардырганы, андан төрт кытайлык инженер жана Пакистандын тогуз коопсуздук кызматкери өлгөнү жазылган. Бул маалыматты ырастоо мүмкүн эмес.

"Белужистан боштондук армиясы" аталган провинциянын автономиясын жактап, Пакистандын өкмөтүнө каршы күрөшүп келе жаткан жоочулардын уюму. Аталган уюм буга чейин бир нече жолу кытай жарандарын бутага алган. Жоочулар Бээжинди Белужистан провинциясындагы ар кыл долбоорлорго байланыштуу Пакистан өкмөтү менен келишимдерди түзбөөгө чакырган.

2022-жылдын апрель айында Карачиде аял жанкечти өзүн жардырып, андан кытайлык үч мугалим набыт болгон.

XS
SM
MD
LG