Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Ооган медиасы журналисттердин жапырт камалышын айыптады


Ооганстандагы Tolo TV телеканалынын журналисттери иш үстүндө. 11-сентябрь, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандагы Tolo TV телеканалынын журналисттери иш үстүндө. 11-сентябрь, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстанда маалымат каражаттары журналисттердин жапырт камалышы үчүн Талибан бийлигин айыптады. Бул айда эле өлкөнүн ар кайсы аймагында бир нече журналист камалган.

Кундуз провинциясындагы «Салам Ватандар» радиосунун кабарчысы Хасиб Хассас 10-августа камалган. Ошол эле күнү талибдер Нангархар провинциясынын борбору Желалабаддагы көз карандысыз «Калид Радиосунун» эки журналистин камап салган.

Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Пактия провинциясында Ariana News менчик телеканалынын жергиликтүү кабарчысы Хабиб Сараб 10-августта камалган. Ал эми өткөн аптада Газни провинциясында жергиликтүү журналистти кармап кетишкен.

«Мындай эч кандай принциби жок камоолорду журналисттерге басым катары караса болот. Эгер камоолор улана берсе, журналисттер үчүн коркуу атмосферасы жаралып, Ооганстанда өз оюн эркин билдирүүдө жана маалымат жеткиликтүүлүгүндө олуттуу көйгөй пайда болот»-деп жазылат Ооганстандагы NAI укук коргоо тобу 11-августта тараткан билдирүүдө.

Үч ай мурда Нангархар провинциясында үч маалымат каражаты жабылган. «Талибан» кыймылы бийликке келгени Ооганстанда жүздөгөн медиа каражаттары чектөөлөрдөн жана каржынын жоктугунан жабылууга аргасыз болушту.

Талибдердин куугунтуктоосунан улам жүздөгөн журналисттер өлкөдөн чыгып кетишти.

XS
SM
MD
LG