Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Сергиев Посаддагы жардырууда дайынсыз болуп жаткан төрт адам табылды


Сергиев Посад шаарындагы жардыруудан кийин тартылган сүрөт.
Сергиев Посад шаарындагы жардыруудан кийин тартылган сүрөт.

Орусиянын Сергиев Посад шаарындагы 9-августта жардыруу болгон Загорск оптикалык заводундагы калдыктарды тазалоо иштери аяктады. ТАСС агенттиги расмий мекемелерге таянып жазгандай, жарылуудан кийин дайынсыз болуп жатканы айтылган төрт кишинин кайда экени такталды. Алар жараат алган эмес. Дагы сегиз киши дайынсыз болууда.

Расмий маалымат боюнча бир адам набыт болуп, 80 киши жараат алган. Алардын 15и ооруканада.

“База” басылмасы жардыруу болгон аймактан ондой адамдын сөөгүнө таандык 48 бөлүкчө табылганын жазды. Бул маалымат расмий ырасталган эмес.

Азырынча жардыруунун себеби белгисиз. Расмий кызматтагылар ал заводдун “Пиро-Росс” компаниясы ижарага алган, пиротехникалык каражаттар сакталган кампадан чыкканын айтышты. Бейшембиде Тергөө комитети бул компаниянын техникалык директору кармалганын, кеңсесинде тинтүү жүрүп, кызматкерлери суракка алынганын билдирди. Бул окуя боюнча өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Социалдык тармактарда жардыруу болгон жерден снаряддардан жасалган гильзага окшогон, пиротехникалык болушу мүмкүн болгон сүрөттөр пайда болду.

XS
SM
MD
LG