Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

ӨКМ Семенов чокусунда жоголгон туристти издөөнү жандантты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары (ӨКМ) Кыргызстан менен Казакстандын чектеш аймагында, Сары-Жаз тоо кыркаларындагы Семенов-Тянь-Шанский чокусунда 28 күндөн бери дайыны табылбай жаткан туристти издөөнү жандантты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, куткаруучулардын "Эдельвейс" кошуунунан 5 куткаруучу 10-августта чокуга чыгып кетишти. Алар бул күнү кечинде “Илим кепеси” (“Хижина Наука”) альпинисттик лагеринде түнөп, 11-августта издөө иштерин улантышты.

14-июлда Семенов-Тянь-Шанский чокусунда 34 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. "Эдельвейс" тоодо куткаруу кошууну аны издөөнү тынымсыз улантып жаткан. Ортодо чокуда кар эрип, кооптуу жагдай түзүлгөнүнө байланыштуу убактылуу тыныгуулар болуп турган.

Кыргызстанга эс алуу же атайын бийик чокуларга чыгуу үчүн келген чет өлкөлүк туристтердин жана альпинисттердин өлүмү катталып турат. Адистер өлкөдө тоо туризми жанданганы менен, коопсуздукту камсыздоо шарты жетишсиздигин айтып келишет.

Кыргызстандагы Альпинисттер федерациясынын маалыматына караганда, пандемияга чейин жылына өлкөгө бийиктикке чыгууну каалаган 15 миңден 18 миңге чейин чет элдик келип турчу. Бирок алардын кеминде үчөө же бешөө аскадан кулап ажал табат.

Кыргызстандын аймагында эң бийик деп саналган жети чоку бар. Жеңиш чокусу - 7439 метр, Ленин чокусу - 7134 метр, Тамдыкул чокусу - 5880 метр, Семенов-Тянь-Шанский чокусу - 5816 метр, Сабла чокусу - 5621 метр, Каракол чокусу - 5280 метр, Жаман-Суу чокусу - 5126 метр. (ErN)

XS
SM
MD
LG