Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Киевде ракетанын сыныктары балдар ооруканасынын имаратына тийди


Орус армииясы жума күнү эртең менен Украинага ракеталык соккуларды урду. Украин күчтөрүнүн маалыматына караганда, Киевге “Кинжал” ракетасы менен чабуул коюлган.

Калаа мэри Виталий Кличко шаарда эки жардыруу болгонун билдирди. Ракетанын сыныктары Оболонь районундагы балдар ооруканаларынын бирине тийген. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Украинанын Житомир, Хмельницкий, Черновцы, Ивано-Франковск облустарында абадан айгай салынды.

Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов өткөн суткада Купянск районуна сокку урулуп, бир тургун набыт болгонун, бир канча киши жараат алганын билдирди. Сокку урулган райондордо көп кабаттуу жана жер үйлөр зыян тарткан.

Орус күчтөрү Херсон облусундагы Камышаны айылындагы турак үйгө да сокку урушту. Бул тууралуу Херсон облустук администрациясынын Телеграм-каналына жарыялангандай, үч тургун жараат алды.

Эртең мененки саат 8де орус күчтөрү Берислав шаарында гуманитардык жардам таратылчу борборго учкучсуз аппараттан жардыргыч зат таштаган. Мындан эч ким жабыркаган эмес.

Запорожье облусунда 10-августтагы аткылоодон жараат алгандардын саны 19га жетти. Алардын төртөө – балдар. Аткылоодон кийин берилген маалыматта тогуз адам жараат алганы айтылган.

Украинанын Коргоо министрлиги орус күчтөрү аткылаган мейманканада күндүзгү балдар лагери орун алганын тактады. Бирок ал бакча аткылоодон бир саат мурда жабылган болчу.

Буга чейин аткыланган мейманканада жергиликтүүлөргө жардам көрсөткөн БУУнун жана башка гуманитардык уюмдардын кызматкерлери баш калкалап жүргөнү кабарланган. Аймактын Орусия дайындаган башчылары бул жайда украин аскерлери болгонун айтышууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул аткылоолор боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG