Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Салык кызматы жыл башынан бери 99 млрд сом салык жыйнады


Кыргызстандын улуттук валютасы – сом. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын улуттук валютасы – сом. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы январь-июль айларында 135 млрд 728,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, муну менен белгиленген план 1,2 млрд сомго ашыкча аткарылган. Чогулган сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,9 млрд сомго көп экени да айтылат.

Жети айдагы топтолгон каражаттардын ичинен 99 млрд 167,8 млн сом салык жана төлөмдөргө туура келет. Бул сумма былтыр январь-июлда 85 млрд 988 млн сомду түзгөн.

Мекеме салык жана башка төгүмдөрдү жыйноонун көбөйүшүнө көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү оң таасирин тийгизгенин маалымдайт.

Салык кызматынын сайтында жазылгандай, алар 2023-жылы республикалык бюджетке 171 млрд 410 млн сом салык, муниципалдык бюджетке 22 млрд 967 млн сом салык жыйнашы керек. Мекеме ошондой эле 54 млрд 485 млн камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу планын койгон, мунун жети айдагы суммасы 36 млрд 560,8 млн сомду түзгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG