Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:15

Орусиянын түрмөлөрүндө мусулмандар басмырланып жатканы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ульяновск облусуна караштуу Дмитровград шаарындагы түрмө кызматкерлери ал жакта жазасын өтөп жаткан мусулмандардын сакалын күчтөп алып, уруп-сабап, намаз окууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бул тууралуу "Гражданское содействие" укук коргоо уюму түрмөдө отурган беш адамдын сөзүнө таянып кабарлады.

"Июль айынын башында мусулмандарды мончого алып барып, чачыбызды жана сакалыбызды толук алууну талап кылышты. Мен укугум бузулуп жатканын айтып, баш тарттым. Түрмө кызматкери "бул жерде мыйзам менмин" деди", - деген жазасын өтөп жаткандардын бири.

Мындан кийин аны түрмө кызматкерлери кыйнап, акыры сакалын алдырткан. Түрмөдө отурган дагы бир өзбекстандык жарандын айтымында, азан айтыла баштаганда, атайылап музыканы коюшат, тамакка чочконун этин кошот.

"Курандын аяттары колго жазылган кагаздарды, диний адабияттарды, жайнамаздарыбызды тартып алат. Эч негизсиз бизди терррорчулар, экстремисттер деп аташат. Улуттук, диний негизде мазакташат. Биз арыз жазып гана тим болбостон, кээде ачкачылык кармайбыз. Муну менен алар бизди өмүрүбүзгө кол салууга жеткирип жатышат", - дейт ал.

Мындан тышкары түрмөдөгүлөр ал жактагы "адам чыдагыс" шарттарга даттанган. Аталган укук коргоочу топ менен кызматташкан адвокат бул боюнча прокуратурага арыз жолдогону маалым болду.

Ал эми түрмө жетекчилиги азырынча бул боюнча эч комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG