Узак жылдар бою Улуттук телерадио корпорациясында сүрөтчү-коюучу болуп эмгектенген Кумаш Турусбеков учурда пенсияга чыгып, үйүндө. Бирок убактысын текке кетирбей, поэтикалык жана бөбөктөр үчүн даярдалган китептерге сүрөт тартуу менен алек.
“Азаттык” сүрөтчү Кумаш Турусбеков менен жарым кылымдан бери сактап келаткан Үркүн темасындагы эмгектери боюнча маектешти.
- Арыбаңыз, Кумаш ага. Сиздин Үркүн темасында тарткан бир топ эмгектериңизди социалдык тармактагы баракчаңыздан көрдүк. Алар жазуучу Касымалы Баялиновдун “Ажар” повестинин сюжети боюнча тартылган экен. Бул эмгектерди мультфильм кылып тартуу идеясы болду беле?
- 1970-жылдары ошол кездеги Агартуу министрлигинин (азыр Билим берүү жана илим министрлиги) алдында диафильм бөлүмү ачылып, ошондо иштеп калдым. Командабыз менен балдар үчүн көп чыгарма тарттык. Арасында Касымалы Баялиновдун “Ажар” повестинин негизинде сүрөттөр сериясын тартуу ишин мага тапшырышкан. Өтө оор тема экен, алты ай иштедим. Саясий өңүтү да бар, бир чети тарыхта кара так болуп калган трагедия.
Үркүндү көргөндөрдүн айтымында элдин төрттөн бири кырылган экен. “Ажар” мына ушул трагедиянын бир үзүндүсү. Касымалы Баялинов повестти бир эсе советтик цензурага баш ийбей, бир эсе каймактатып үстүртөн жазган. Эл Кытайга качып барганда ачтан өлбөстүн амалын кылып уул-кызын бир табак талканга саткан көрүнүштөр көп эле болгон экен.
- Диафильмде жогоруда сиздер тарткан далай эмгектер элге, анын ичинде мектеп окуучуларына көрсөтмө куралы катары колдонулчу экен. Сиз сүрөткө айландырган “Ажар” да көрсөтүлдүбү анан?
- 70-жылдары биздин киностудиялар түстүү плёнка чыгарчу эмес. Алматыга барып чыгарып келип, мектептерге жиберчүбүз. Бирок “Ажар” элге жетпей калды. Чыгарманын үстүндө жалпы 40тай кадр тарттым. Чыкпай калышына бир жагынан союз тарап кетип, диафильмдин жабылганы себеп болсо, бир жагынан ак падышанын аскерлеринин куралсыз элди мылтык, пулемёт менен кырган сүрөттөрдүн бар экени себеп болуп кеттиби, билбейм. Ашууда кар алдында тоңгон ат менен кишини жолбун иттердин жеп жатканы да тартылды эле.
Биздин Агартуу министрлиги чыгарбай койду. Сүрөттөрдүн оригиналы менде 50 жылдан бери сакталып келет.
Анан кийинки кезде Үркүн курмандыктары жыл сайын эскерилип жатпайбы, анан бир канча кадрларды интернетке чыгарып койдум.
- Үркүн темасына кайрылганыңыз жөн жерден болбосо керек. Балким сиздин да ата-бабалар ал апааттын азабын тартса керек?
- Үркүндүн залакасы көбүнчө Чүй, Көл, Нарын тарапты жердеген боордошторубузга тийди. Мен өзүм таластыкмын. Бирок чоң аталардан баскынчылык көйгөйүн көп уккам. Көчүп келген орус мужуктары суулуу, айдоо жерлерди ээлеп алышчу экен. Ал жерге элдин малы кирсе “атып салгыла” деген указдары эми ачыкка чыгып жатпайбы. Көпкөн балдары жалгыз-жарымдап бара жаткан кыргыздарды атып салган учурлар болуптур.
Дүйнөдө чоң державалар согушуп жатканда ар коктуда жашаган кыргыздар да кыйналган.
- Мындан 107 жыл мурда болгон бул алаамат улуттун эс-тутумунан өчүп кетпеши үчүн, элдин артта калган азаптуу тагдыры чыгармачыл адамдардын эмгектеринде чагылдырылышы маанилүү болсо керек?
- Өткөндөн сабак алуу кажет. Бул аябай зарыл нерсе. Өтмүшүбүздү оозеки айтуу башка, аны тасмага же чыгармага айлантуу башка иш. Азыр деле арабызда Үркүндү көргөндөрдүн баянын өз кулагы менен уккандар бар. Алар майда-чүйдөсүнө чейин айтып берсе деле болот.
Үркүн тууралуу бир-эки кино тарткандай болушту, бирок ал деле жетишсиз да. Тарыхты билүүгө милдеттүүбүз да. Азыр көп жаштарыбыз ал алааматты унутуп баратат. Арасында билимсиз, кат тааныбагандары көп экени өкүндүрөт. Алар эмес эл башындагылар деле тарыхты жакшы билбейт. Айрымдар 10-класстын программасындагы маалыматтардан кабары жок.
Билими жок адамдар жат идеологияны ээрчип кете берет да. Азыр тарых эмес салтын, үрп-адатын жек көргөн кыргыз жаштары толуп кетти. Буга интеллигенция өкүлдөрү эмнеге үн катпайт деп таң калам. Унчуга турган кишилер деле саналуу негизи. Келечек жаштарда дейбиз. Демек алардын билим алуусуна өкмөт кам көрсө жакшы болмок.
- Агай, эми өзүңүздүн жеке чыгармачылыгыңыз тууралуу да кеп кыла кетели. Быйыл апрель айында УТРКда пенсия жашындагы бир топ кызматкерлер жумуштан кыскарды эле. Алардын катарында сиз да бар экенсиз. Чыгармачыл киши эс алып жатып алганды деле сүйбөсө керек. Учурда жаңы эмгектерди чиймелеп жатасызбы?
-1990-жылдары Улуттук телерадио корпорациясына жумушка кирип, 25 жыл сүрөтчү-коючу болуп иштедим. Ал жерде сахнаны жасалгалап, декорациянын эскиздерин чийчүмүн. Акыркы ирет УТРКда “Улутман” көрсөтүүсүнүн декорациясын жасадым. Ошон үчүн сыналгы көрүп отурганда сахнадагы артистти эмес, артындагы жасалгаларына маани бере беребиз. Учурда үйдө китеп иллюстрациясы боюнча иштеп жатам.
Азыр компьютер ишти бир топ жеңилдеткен учур. Ырларга, жомокторго сүрөт тартам. Бул жакшы экен. Тартканың да бат, оңдогонуң да бат. Мындан сырткары да бир канча буюртмалар болуп калат. Бир гана адамдын фантазиясы керек экен. Бизге иш болуп турганы жакшы.
Сүрөтчү Кумаш Турусбеков 1951-жылы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. 1969-1974-жылдары борбордогу Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайында окуган.
Эл агартуунун, УТРКнын отличниги, президенттин”Ардак грамотасы” менен сыйланган сүрөтчү учурда акын Алыкул Осмоновдун “Толубай сынчы” поэмасы боюнча тарткан эмгектерин жарыкка чыгаруу алдында турат.
Алдыда “Манас” эпосундагы 40 чорону жубайлары жана тулпарлары менен тартып чыгууну максат кылып жүрөт.