Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:45

Түркмөнстандагы жалгыз социалдык түйүн иштебей калды


Ашхабаддагы интернет-кафе. 14-март, 2007-жыл.
Ашхабаддагы интернет-кафе. 14-март, 2007-жыл.

Түркмөнстанда IMO социалдык түйүнү интернеттин ылдамдыгынын жайлыгынан иштебей калды. Башка кат алмашуучу платформалардын баары Борбор Азиядагы бул мамлекетте жабылган.

Түркмөнстандыктар VPN аркылуу тыюу салынган сайттарды ачууга аракет кылып келишкен. Бирок интернеттин ылдамдыгынан улам бул да мүмкүн болбой калды.

Cable.co.uk британиялык компаниясы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Түркмөнстан 224 өлкөнүн ичинен секундасына 0,50 мегабит Интернеттин ылдамдыгы менен акыркы орунду ээлеген.

Документте беш гигабайттык видеону жүктөө 22 саат 34 мүнөттү алган.

Түркмөнстанда көз карандысыз маалымат каражаттары жок. Баарын мамлекет көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG