Орусияда абактагы аялдарды Украинадагы согушка азгыруу жүрүп жатат. Бул тууралуу «Настоящее время» телеканалына «Русь сидящая» долбоорунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Ольга Романова айтып берди. Анын айтымында буга чейин Москва күч менен басып алган Украинанын аймактарынан аялдарды согушка азгыруу активдүү жүргөн. Маселен, Донецк облусундагы жергиликтүү түрмөдөн элүүдөй аял согушка тартылган. Дагы жүздөй аялды Орусиянын түштүгөндөгү түрмөдөн азгырып кетишкен.
Түрмөдөгү аялдарды согушка азгырүү жүрүп жатканын абактагылардын жакындарына таянып SOTA телеграм-каналы дагы жазды. Андагы маалыматка караганда, Липецк облусундагы Новоуглянка айылындагы жабык жайдан отуздай аял Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн.
Романованын айтымында, аялдар ашпозчулукка же башка иштерге тартылбастан дароо согуш талаасына жөнөтүлүп жатат.
Буга чейин Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан эркектерди "Вагнер" менчик аскердик тобу Украинадагы согушка активдүү азгырган. "Азаттык" радиосу орус абактарында отурган жеринен согушка кетип, фронтто набыт кеткен бир нече кыргызстандык тууралуу жазган.