Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:20

Орто-Токойдун суусу кайда кетти?


Орто-Токой суу сактагычы
Орто-Токой суу сактагычы

Нарындагы Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайганы коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Айрымдар “суу сактагычтын суусу коңшу мамлекетке агызылып жатат” деп өкмөттү сынга алды. Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар кызматы муну төгүндөсө, адистер жалгыз суу сактагычка күч келтирбей, жаңы суу сактагычтарды куруу зарылдыгын айтышат.

“Суунун көлөмү быйыл салыштырмалуу аз”

Жыл сайын жай айларында коомчулук Орто-Токой суу сактагычындагы суунун кескин азайып кеткенине тынчсызданат.

Социалдык тармактардын колдонуучулары жеринен сүрөт-видеолорду жүктөп, суунун кайда кеткенине кызыгат.

Быйыл дагы бул тема орчундуу. Айрымдар “жазында топтолгон суу жайында сугатка колдонуларын” эске салса, айрымдары “суунун мынчалык азайып кеткенин биринчи жолу көрүп жатканын” жашырышпайт.

Социалдык тармактагы айрым пикирлер:

Журналист Алмаз Темирбек Бишкек-Нарын багытында байма-бай каттап, бул аймакты жакшы билерин, суу сактагычтагы суунун көлөмү быйыл жылдагыдан аз экенин байкаган. Анын айтымында, ачык маалыматтын аздыгы коомчулуктун тынчсыздануусун күчөтүүдө.

“Жылдагыдан аз экенин ары-бери каттагандын баары эле көрүп турат. Канча суу толгонун, кайда кетип жатканын, канча сарпталганын, канча калганын, кандай болушу керектигин жашырбай, убагында айтып, коомго так сандар менен түшүндүрмө берип турушса, мындай тынчсыздануу болбойт эле. “Жылда эле ушундай болот, коркпогула” деген кургак сөз элди ынандырбай жатат”.

Орто-Токой суу сактагычынын башкы инженери Нурбек Сыдыгалиев дагы жарандардын бул пикирине кошулат. Анын айтымында, бул жылда жай айларына мүнөздүү эле көрүнүш болгону менен, суу сактагычтагы суунун көлөмү быйыл салыштырмалуу төмөн. Адистин айтымында, быйыл суу сактагычка 470 млн куб суу топтолгон. Азыркы таптагы суунун көлөмү 8,6 млн куб.

Нурбек Сыдыгалиев
Нурбек Сыдыгалиев

“Башкы инженердик кызматта иштеп жатканыма беш жыл болду. Бул жылдарда июль айында суу мынчалык түшкөн эмес. 2014-жылы ушундай төмөн көрсөткүч катталган. Быйылкы кырдаалды ошол жылга салыштырып жатабыз. Бирок суу сактагыч үчүн бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ушул убакта ылдыйлап, кайра келген сууга жараша өйдөлөйт. Күздө толук жапсак, кайра кийинки жылга жетиштүү суу топтой алабыз деп турабыз”.

2014-жылы сугатка бөлүнгөндөн кийин суу сактагычта калган суунун көлөмү 15,61 млн кубду түзгөн. Суу анча кемибеген учур 2020-2022-жылдарга туура келет. Бул жылдары суунун көлөмү 45,68 млн куб жана 34,14 млн кубду түзгөн.

“Казакстанга бир литр да суу сатылган жок”

Коомчулук бийликти "Орто-Токой суусун коңшу мамлекетке сатып жатат” деп да айыптап келет. Чындап эле эки мамлекеттин ортосунда суу сактагычтан агып чыккан сууну биргеликте колдонуу боюнча атайын макулдашуулар бар.

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар кызматынын директору Алмазбек Сокеев 3-августта журналисттерге берген маалымат жыйынында бул жагдайга түшүндүрмө берди.

Ал “суу товар катары таанылбагандыктан, коңшу мамлекетке бир литр дагы суу сатылбай турганын” белгиледи.

Алмазбек Сокеев
Алмазбек Сокеев

“25 млн сомго же 179 млн теңгеге казак тарап жумуш жасап берип жатат. Казак тарапка вегетация учурунда 20% сууну Чүй дарыясынан беребиз. Ал эми жалпысынан жыл ичинде Казакстандын үлүшү 42%, Кыргызстандыкы – 58%”.

Мекеме жетекчиси бул сандар өтө төмөн экенин айтып, бул жаатта коңшу мамлекет менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, Кыргызстандагы 1 млн гектар айдоо жерлеринин 250 миң гектарына гана суу сактагычтардан суу жетерин, калган аянтка суу жеткирүү топтолгон көлөмгө жараша болорун жана өлкө аймагында суу сактагычтарды көбөйтүү зарылчылыгы турганын белгиледи.

Орто-Токой суу сактагычын Кочкор районунун аймагын аралап келген Кара-Кужур суусу толтурат.

Агып келген суунун көлөмү секундасына орточо 15 метр кубка чейин жетет. Ал эми сугат учурунда Чүй дарыясына секундасына 110 метр кубга чейин суу агып чыгып турат.

“Өлкөгө суу сактагыч керек”

Жыл сайын курчуп жаткан сугат суу маселеси өлкө аймагындагы суу сактагычтарга күч келтирүүдө. Бул жагдайдан чыгуунун негизги жолу жаңы суу сактагычтарды куруу экенин адистер белгилешет.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, суу ресурстары туура бөлүштүрүлүп, сарамжалдуу пайдаланылса, азыркы эле көлөмдөгү суу менен Кыргызстандын айдоо жерлерин сугат суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк болмок.

Расул Умбеталиев
Расул Умбеталиев

“Акыркы үч-төрт жылда суунун агымы 5-8% азайды. Негизи бизде суунун көлөмү айыл чарбаны сугат суу менен камсыз кылуу үчүн жетиштүү. Бирок ал үчүн ар бир райондо, айылда ошол аймактын масштабына жараша мезгилдик суу сактагычтарды курууга болот. Көп жылдык суу сактагычтан тышкары бир күндүк, бир жумалык, бир айлык суу сактагычтар болот. Ошонун негизинде баалап, жаңы суу сактагычтарды курушубуз керек”.

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын чегинде жайгашкан Орто-Токой - Кыргызстанда курулган алгачкы суу сактагыч. Чүй облусунун аймагындагы айдоо жерлерин сугарууга багытталган. Аянты 24 чарчы чакырым. Суу толгон учурдагы эң терең жери 47 метрге жетет.

Эл-жерди баккан Орто-Токой
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:06 0:00

XS
SM
MD
LG