Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

Старомайорское украин армиясынын колуна өттү


Украин аскерлери. Старомайорское айылы, 27-июль, 2023-жыл
Украин аскерлери. Старомайорское айылы, 27-июль, 2023-жыл

Украин аскерлери Донецк облусунун батышындагы Старомайорское айылын кайтарып алганын билдиришти. Аскерлер бир нече жумадан бери айыгышкан кармаш жүргөн айылды көзөмөлгө алганын айткан видеону украин президенти Владимир Зеленский жарыялады.

Ал жердин украин тарапка өткөнүн өздөрүн "Донецк элдик жумурияты" деп атаган аймактын командирлеринин бири Александр Ходаковский бейшембиде эле билдирген.

Айылдын бошотулушу тууралуу маалыматты украин коргоо миниистринин орун басары Анна Маляр бышыктады. Уруш жүрүп жаткан аймактардан түшкөн кабарларды көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

27-июлда америкалык New York Times гезити өз булактарына таянып, украин куралдуу күчтөрүнүн түштүк багытта чабуулдун негизги бөлүгүн баштаганын, кармаштарга такоолдогу (резервдеги) аскерлер тартылганын жазган. Бул тууралуу орусиялык бийликчил блогерлер да маалымдашкан.

Бирок алар майдандын башка тилкеси – Токмак багыты жөнүндө кеп кылууда. Ал жактан жарыяланган видеолордон чопкутталган техника тартылганын баамдаса болот. Ырасталбаган маалыматтарга караганда, украин аскерлери Работино кыштагы тарапта алга жылды.

Старомайорское Донецк жана Запорожье облустарынын чегинде жайгашкан. Июндун башынан бери украин армиясы ал жакта бир нече айылдан орус аскерлерин сүрүп чыккан. "Свобода" радиосу жазгандай, украин куралдуу күчтөрү ал багытта алга жылса, Бердянск жана Мариуполь тараптагы майдан сызыгына жетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG