Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Бишкектеги мектептерде кыргыз класстарынын саны көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы мектептерде кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкектеги 103 мектептин 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

2021-жылы февралда Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз класстары менен тайпаларын ачуу буйругун чыгарган.

17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Садыр Жапаров 24-июлда “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, кыргыз тил мыйзамы тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдирүүсүнө жооп берген. Ал жаңы мыйзам орус тилин “дискриминация” кылбай турганын белгилеген.

19-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда кыргыз тили мыйзамынын кабыл алынышын сынга алган.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев Кыргызстанда кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, мыйзам орус тилин басмырлоо үчүн эмес, мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүү максатында кабыл алынганын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG