24-июлда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 33…38;
Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 32…38;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 23…28, күндүз 33…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32;
Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 11...16.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 36…38 градус болот.
Дагы караңыз