Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Германия Польшага коркунуч туулган маалда жардам бере турганын билдирди


Германиянын коргоо министри Борис Писториус.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус.

Германия Беларустун аймагындагы "Вагнер" тобу НАТОнун мүчөсү болгон Польшага кол салса, Варшавага колдоо көрсөтүүгө даяр.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус бул тууралуу жума күнү Прагада өткөн пресс-жыйында билдирди. Министрге анын алдында Польшанын чыгыш чек арасында кырдаал курчуп кетсе Германия кандай реакция кылары тууралуу суроо берилген.

"Биз биргебиз, аракеттерибизди тыгыз координация кылабыз. Бул коргоо министрлеринин деңгээлинде бири-бири менен жолугуу учурунда гана эмес, башка учурда дагы болот. Биздин польяк досторубуз эң жаман кырдаал болуп кетип жардам сурай турган болсо аны алышат", - деди Писториус журналисттин суроосуна.

"Вагнерчилер" алардын жетекчилиги июнда кыска мөөнөттүү козголоң уюштургандан кийин Беларуска барган. Өткөн жумада топтун жетекчиси Евгений Пригожин согушчандарын Беларустун аймагынан тосуп алган видеолор тараган. Беларустун Коргоо министрлиги бейшембиде аскерлер "вагнерчилер" менен Польшанын чек арасына жакын жерде аскердик машыгууларды өткөрө турганын билдирген.

Польшанын мамлекеттик ПАП агенттиги (РАР) жума күнү Коопсуздук комитетинин жетекчиси Збигнев Хоффманнга шилтеме берип, өлкөнүн аскердик бөлүктөрү батыштан чыгышка бара турганын кабарлады.

Хоффманн мындай чечим Беларустагы "Вагнер" тараптан коркунуч болгону үчүн Польшанын коргоо министри Мариуш Блазчак менен бирге кабыл алынганын билдирди.

21-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Владимир Путиндин "Сталин Польшага жерди белек кылган" деген сөзү үчүн Орусиянын элчисин ТИМге чакыра турганын айткан.

"Сталин миңдеген поляктардын өлүмүнө күнөөлүү аскердик кылмышкер болгон. Тарыхый чындык күмөн санатпашы керек. Орусия Федерациясынын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылат" деген ал.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-июлда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Польша Украинанын аймагын басып алып, беларус жерлерине да көз артып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG