Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Түркмөнстанда ун талашта бир аял каза болду


Азык-түлүк дүкөнүнүн алдына чогулган түркмөн аялдары. Иллюстрация. Мары аймагынан тартылган сүрөт.
Азык-түлүк дүкөнүнүн алдына чогулган түркмөн аялдары. Иллюстрация. Мары аймагынан тартылган сүрөт.

Түркмөнстандын Дашөгүз облусуна караштуу Гөроглы районунда арзандатылган ун үчүн кезек талашта бир аял каза болду. Окуяга байланыштуу мамлекеттик дүкөндүн сатуучусу камакка алынды.

Бул тууралуу 18-июлда "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы аймактагы кабарчысы менен өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 14-июлда район борборунан үч чакырым алыстыкта жайгашкан айылда болгон. Сатуучу алып келген ун абдан аз экенин, баарына жетпей турганын айтканда кезекте тургандар дүкөнгө жабылышкан. Кезек сакталбай, жаңжал чыккан. Ун талашкандар мушташып жатканда алты баланын энеси тепкичтен жыгылып, башы менен катуу тийген да, ошол жерде каза болгон.

Соңку убактарда Түркмөнстандын ар кайсы аймактарынан айына бир жолу киши башына 5 килограммдан бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон ун бир нече айга кечигип келип жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Айрым учурларда тургундарга 5 килограммдын ордуна 1 килограммдан гана ун берилүүдө.

XS
SM
MD
LG