Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Үч милиция кызматкери орус жаранын коркутуп акча талап кылган деп айыпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички коопсуздук кызматына орусиялык жаран кайрылып, бейтааныш милиция кызматкерлери андан акча талап кылып жатышканына даттанган. Ал 20-апрелде шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде чөнтөгүнө маңзат салып коюшканын, көп өтпөй жашаган үйүнө бараткан жеринен бир нече милиция кызматкери келип, жоопкерчиликке тартабыз деп коркутуп, 315 миң сомун алып коюшканын билдирген.

Факт ИИМдин бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул ишке тиешеси бар деген шек менен эки кыз, мурда соттолгон бир адам жана ИИМдин аймактык бөлүмдөрүндө иштеген үч кызматкери: кенже лейтенант Ж.И., улук лейтенанттар Ч.З. жана Б.Б кармалышкан. Алар жарандардын чөнтөгүнө же баштыгына маңзат салып коюу менен опузалап акча талап кылуу схемасын уюштурушканы аныкталган.

Былтыр декабрда уюшкан кылмыштуулукту жаап-жашырып, каракчылыкты калкалаган деген негизде Нарында жана Жалал-Абадда милициянын жетекчилери кызматтан алынган.

Былтыр 13 жашар кызды зордуктап жүргөн деген айып менен эки милиция кызматкери соттолуп, камалган.

Жарандык активисттер милиция кызматкерлеринин кылмыштуу иштерге аралашканы үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетүүсүн бир нече ирет талап кылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG