"Вагнерчилердин" өлүмүнө шектүү кармалды
Орусия Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоого шарт түзгөн келишимден чыкты. Европа жана АКШ чечимди айыптап, бул жагдай дүйнөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна кедергисин тийгизерин билдирди. Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорун президенттин администрациясы сунуштады. Юристтер муну менен Конституциялык соттун ишине бийликтин кийлигишүүсү күчөп, мекеме ого бетер көз каранды болуп калат деп кооптонууда. Европанын түштүгүндөгү ысыктан улам туристтер азайды. Жер ортолук деңизи жайгашкан аймакка июнь айынан ноябрь айына чейин барууну каалагандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 10% азайды.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 13, 2024
Москва: Аскерге милдеттүүлөр чек арадан чыга албайт
-
Ноябрь 12, 2024
Ташов кыйноого кабылганы боюнча прокуратурага арызданды
-
Ноябрь 11, 2024
Израил Газада "гуманитардык зонаны" кеңейтет
-
Ноябрь 08, 2024
Израил Амстердамда жабыркаган жарандарын эвакуациялайт
-
Ноябрь 07, 2024
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу башталат