Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:52

Чет элдик жарандар үчүн мамлекеттик төлөмдөрдү көбөйтүү сунушталды


Мамлекеттик каттоо кызматынын баш кеңсеси. Иллюстрациялык сүрөт.
Мамлекеттик каттоо кызматынын баш кеңсеси. Иллюстрациялык сүрөт.

Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксат берүү үчүн мамлекеттик төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүүнү Санарип министрлиги сунуштоодо.

Мекеме ""Мамлекеттик төлөмдөрдүн ченемин бекитүү" тууралуу өкмөттүн 2019-жылкы токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Анда чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргызстанда жашоого уруксат берүү, чет өлкөлүк паспортун каттоого коюу жана мөөнөтүн узартуунун да акысын көбөйтүү сунушталган. Демилгечилер кыргыз жарандыгына ээ болууну жана жарандыктан баш тартууну каалагандар үчүн да төлөмдөр жогорулашы керектигин белгилешүүдө.

"Мамлекеттик төлөмдөрдүн өлчөмү 1998-жылы кабыл алынган боюнча өзгөртүлгөн эмес. Ал убакта мамлекеттик кызматкерлердин эң төмөнкү айлыгы 100 сом деп бекитилген болсо, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысы" тууралуу 2022-жылы кабыл алынган мыйзамда айлыктын эң төмөнкү суммасы 7040 сом деп бекитилген. Элди каттоо кызматы үчүн мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 11,5 млн. сом бөлүнөт. Жыл сайын кеңсе товарларына, электр энергиясына жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы көтөрүлүүдө", - деп жазылган долбоордо.

Санарип министрлиги чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда туруктуу жашоосуна уруксат берүү үчүн мамлекеттик төлөмдү 10 миң сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Учурда мунун баасы 2500 сом. Туруктуу жашоо уруксатын узартуу же калыбына келтирүү акысын 200 сомдон 1000 сомго, чет өлкөнүн паспортун каттоого коюу же мөөнөтүн узартуу акысын 100 сомдон 1000 сомго, Кыргызстандын жарандыгын алуу же жарандыктан чыгуу тууралуу кайрылуу акысын 100 сомдон 1000 сомго, Кыргызстандын жарандыгын алуу тууралуу өтүнүчкө төлөнүүчү акыны 2000 сомдон 10 000 сомго, чектеш аймакка кирүүгө уруксат үчүн төлөмдү 100 сомдон 1500 сомго чейин көтөрүү сунуш кылынган.

Долбоордо белгиленгендей, бул өзгөртүүлөрдүн этностук кыргыздарга тиешеси болбойт.

2022-жылкы статистикага ылайык, элди каттоо тармагындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн мамлекеттик төлөмдөрдөн жалпы 73 млн. 466 миң 50 сом жыйналган. Демилгечилер эгер токтом долбоору кабыл алынса, бул сумма 786 млн 745 миң 700 сомго чейин көбөйөрүн белгилешүүдө.

Санарип министрлигинин маалыматына караганда, былтыр чет өлкөнүн паспортун каттоого коюу же каттоо мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен 656 396 жаран кайрылган. Ал эми Кыргызстандын жарандыгын алуу өтүнүчү менен 9734 адам кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG