Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:47

Орусияда "Нелегал" операциясында жети миң мигрант депортацияланды


Орусияда полициянын атайын күчтөрү тажик мигранттарды кармап бараткан учуру. Мигранттар "Озоди" радиосуна жөнөткөн видеодон алынган сүрөт. 28-май, 2023-жыл.
Орусияда полициянын атайын күчтөрү тажик мигранттарды кармап бараткан учуру. Мигранттар "Озоди" радиосуна жөнөткөн видеодон алынган сүрөт. 28-май, 2023-жыл.

Орусияда мыйзамсыз мигранттарды аныктоого багытталган операциянын биринчи баскычы жыйынтыкталды.

Анын алкагында Орусиядан жети миңдей мигрант депортацияланды, бир нече миң адамга каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Ирина Волк 12-июлда билдирди.

Ал кошумчалагандай, кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүү, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу.

Орус бийлиги операциянын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү жүргүзүлгөнүн билдирген. Анткен менен мигранттар ушул күнгө чейин рейддер токтобой жатканына нааразы. Бул жолу өзгөчө басым-кысымга тажикстандык мигранттар кабылды.

Июндун соңунда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт алып кетип жатканын билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 24-июнда Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турганын, элчилик аларга укуктук кеп-кеңештерди берип жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG