Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:09

Блогер Жекшеналиевдин окуусун улантуу маселеси шаардык сотто карала баштады


Блогер Ырыс Жекшеналиев жана адвокаты Кантемир Турдалиев. Архивдик сүрөт.
Блогер Ырыс Жекшеналиев жана адвокаты Кантемир Турдалиев. Архивдик сүрөт.

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин Кыргыз улуттук университетиндеги (КУУ) окуусун улантуу маселеси бүгүн 13-июлда Бишкек шаардык сотунда каралды. Териштирүү 29-августта уланмай болду.

Адвокат Кантемир Турдалиев блогер былтыр тергөө абагына камалганда аны окуудан чыгарып коюшканын, камактан чыккандан эки күндөн кийин – 28-октябрда кайра студенттик макамын калыбына келтирүү тууралуу арыз жазганын, бирок университет анын окуусун улантышына каршы болуп, ошондон бери териштирүү уланып келатканын айтып берди:

“Мен кайра окуюн десе булар созуп, министрликке жөнөтүп, министрлик кайра окуу жайга жөнөтүп башташканда биз сотко кайрылууга мажбур болгонбуз. Ленин райондук соту быйыл 13-мартта Жекшеналиев күндүзгү бөлүмгө кайра кабыл алынсын деген чечим чыгарып берген. Ошол чечимге булар макул болбой апелляциялык арыз берип, эми, минтип, шаардык сотко келдик”.

Ленин райондук сотунун чечими 30 күндөн кийин – 14-апрелде күчүнө кирген.

Жекшеналиев университет "Биз шаардык сотко арызданбайбыз, бул жылы сырттан окуй тур, кийинки жылы күндүзгү бөлүмгө киресиң" деп сөз бергенин, бирок бул убадасына турбай койгонун быйыл 15-июнда билдирген жана сырттан окуусун улантып жатканын айтып, окуу жайдын өкүлдөрүн шаардык соттон арызын алууга чакырган.

"Азаттык" аталган университеттин юристтери менен байланышканда алар апелляциялык арыз 5-апрелде, райондук соттун чечими күчүнө кире электе берилген деген жүйө келтиришкен.

20 жаштагы студент, блогер Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин, былтыр августта камалган. Ошол жылы 24-октябрда үй камагына чыгарылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

КУУнун Юридика факультети аны окуудан сабакты "себепсиз калтырды" деген негиз менен чыгарганы белгилүү болгон.

Блогер өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG