Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:43

“Түштүк коридорунун” күмөн санаткан келечеги


Түркмөнстан. Каспий деңизиндеги "Түркмөнбашы" деңиз порту.
Түркмөнстан. Каспий деңизиндеги "Түркмөнбашы" деңиз порту.

Кыргызстан Казакстанды айланып өткөн жаңы транспорттук маршрут даярдалып жатканын айтууда.

Бул жол Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу Каспий деңизине чыгып, андан ары түндүккө – Орусияга кетет. Арийне, долбоорду ишке ашыруу үчүн бир катар саясий жана экономикалык чечимдер талап кылынууда.

Айдоочулар менен эксперттер алардын толук чечилишинен күмөн санап турган кези.

Жүк ташыган автоунаанын айдоочусу Нуржигит Орусия, Түркия, Европа, Иран багыттары боюнча алыскы жолго көп чыгат.

Айрым учурларда Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга барып, Каспий деңизинен паром менен сүзүп өтөт. Ал "Түркмөнбашы" портунан Бакуга же Астраханга карай жүк ташуу кандай жүрөрүн айтып берди:

“Портто ар кандай болот. Чоң паром келип калса, 30 автоунаа жүктөйт, кичинекейи келген болсо онду жүктөйт, ал портко байланыштуу болот. Астраханга сиз барган учурда чоң паромдор кетип калса, кичинекейине туш болуп каласыз же чоңу даяр болсо ошого жүктөшөт. Виза алуу болсо шенген визадай эле – беш-алты ай, бир жыл, үч жылга берет. Биринчи ачканда бир айга ачып берет. Тартип бузбай чыксаң, кийинкисинде үч айга ачат. Тамеки, арак, таблетка салып киргенге болбойт – анда автоунааңызды камакка алып таштайт. Кыздары менен сүйлөшсөң, дароо депортация кылат. Виза маселеси ошого жараша. Биздикиндей эмес, баары мыйзамдуу, “жол картасы” деген бар – Түркмөнстандын ичинде 150 доллар төлөйсүң. Анын нюанстары көп”.

Дагы бир айдоочу Надырбек Токторов буга чейин Европа багыты боюнча жүк ташыган кыргыз айдоочулары Казакстан аркылуу Каспий деңизине барып, андан ары Европага карай паром менен сүзүп өтүп жүргөнүн айтты. Ал Казакстандагы кыйынчылыктардан улам Түркмөнстан аркылуу каттоо бир кыйла ыңгайлуудай көрүнүп жатат деген пикирде.

“Бул багыт мурда иштеген эмес, дегеле ага эч ким аракет кылган эмес, мамлекет дагы кызыккан эмес. Биз азырынча Өзбекстанга кирип жатабыз, Түркмөнстандын чек арасына чейин эле барып, кайра кайтабыз. Анткени, ал жакка виза талап кылгандыктан, көп айдоочулардын баш оорусуна айланат. “Алат” деген чек ара бекети бар, ошол жерден прицепти алмашып иштеп жатышат. Түркмөнстандан “без дозволго” (уруксат бланкасы жок жүрүүгө) келишим болууда. Түркмөнстан “жашыл коридор” берсе, бизге өтө жакшы болот. “Жашыл коридор” деп – визасыз, уруксат бланкасыз, транзит өтүп кеткенге уруксат берсе болду. Андан ары Каспий деңизинен паром аркылуу Орусияга, Европага өтүп кетсе болот”.

Казакстанды айланып өтүүчү “Түштүк коридор”

Айдоочулар Өзбекстан, Түркмөнстан, Каспий деңизи аркылуу Европага же Орусияга жол ачкан “Түштүк коридор” деп аталган мультимодалдык транспорттук коридор тууралуу кеп салууда. Мында Түркмөнстандын “Түркмөнбашы” деңиз порту ири ролго ээ болот. Ал жерден Бакуга, андан ары Грузия, Түркия аркылуу Европага же Орусиянын Махачкала же Астрахан шаарларына чыгууга болот.

"Түштүк коридору" мультимодалдык транспорттук маршрут
"Түштүк коридору" мультимодалдык транспорттук маршрут

Ишкер Нурбек Кудайбердиев өзүнүн транспорттук тобу менен Иран, Түркмөнстан жактан айыл-чарба өндүрүмдөрүн Кыргызстан, Казакстан жана Орусияга дүңүнөн ташып иштейт. Ал жүк ташуучулар үчүн Түркмөнстан аркылуу Орусияга карай каттоонун кыйынчылыктары көп экенин айтууда.

“Бизге коридор берип жатат, бирок ал кыйын, аны менен эч ким жүрбөйт. Түркмөнстандын ичинен Кыргызстандын же Өзбекстандын автоунаасы транзит өтүп кетиши үчүн чыгымы көп. Мисалы, Иранга өтсө 300-350 чакырымдай жол жүрөсүң, ошонун да бир жагына 800 доллар акча кетет. Жол акылуу, көпүрө бар – ал да акылуу. Өзүнчө төлөмдөрү көп да. Орусияга өтө турган болсок, Түркмөнстандын ичинде эле 1500 доллар акча төлөшүбүз керек. Анан, ал жакта паром бар, ал жактан туруктуу паром каттамы жок. Эгерде Кыргызстандан 40-50 унаа болуп барсаң, паром коюп берет. Эки-үч унаа менен барсаң ал жерде жумалап-он күндөп паром күтүп жатмак белең? Ошондуктан ал маршрут боюнча азырынча эч ким жүрө элек. Мисалы, азыр Бишкектен Москвага 2500 долларга, көп болсо 3 миң долларга барасың. Анан Түркмөнстан аркылуу барчу болсоң, пайдаңдын жарымын ал жакка калтырып кетесиң да. Эмне кереги бар анын? “Түркмөнбашы” деген порт бар, ал портуна да барганбыз. Ошол жерден отурсаң Астраханга чыгыш үчүн бир паромду толтурушуң керек. Антпесе, паромдун туруктуу каттамы жок, мисалы бир жумада бир күн жүрөт деген каттам жок. Эгер сен 40-50 автоунаа болуп Кыргызстандан чыга турган болсоң, баратканда алдын-ала өтүнмө бересиң, паром даяр болот”.

Расмий маалымдалгандай, кыргыз өкмөтү былтыртан бери “Түштүк коридор” аркылуу Орусияга барган транспорттук маршруттун долбоорун даярдап жатат.

Каспий деңизине чыккандан кийин Азербайжанга (андан ары Түркия жана Европага) бурулуп кетүү варианты ачык болгону менен, бул долбоордо негизги багыт түндүккө карай – Орусияны мерчемдейт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын ноябрь айынан бери Москвада жана Ашхабадда министрлердин деңгээлиндеги бир нече жыйындар болуп өткөн. 2023-жылдын 17-январында Астрахан шаарында Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрүнүн дагы бир жыйыны болгон. Түркмөнстан Каспий деңизинде паром ташуучу оператордук милдетти аткарууга ынтызарлыгын билдирип келет.

Июнь айынын ортосунда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз тарап “Түштүк коридорду” ар тараптан изилдеп, анын финансылык жактан ыңгайлуу экенин аныктаганын билдирген. Ал айрым инфратүзүмдүк кыйынчылыктарга карабай, маршруттун келечеги ачык экенин белгилеген.

Деген менен, бул маршруттун ырааттуу иштеши үчүн экономикалык жана саясий алкактагы чечимдерди талап кылган эки олуттуу маселе бар. Биринчиси - айдоочулар баса белгилегендей, Түркмөнстандан “жашыл коридор” менен, башкача айтканда визасыз жана транспортко атайын уруксат документисиз өтүү мүмкүнчүлүгү зарыл. Бул саясий-дипломатиялык алкакта чечилүүчү маселе. Экинчиси - Амангелдиев белгилегендей, инфратүзүмдүк шарттарды түзүүнү талап кылат жана олуттуу каржылык чечимдерди күтөт. Ал долбоордун рентабелдүүлүгүнө көз жеткендей дыкат экономикалык эсептөөлөргө көз каранды. Экономикалык өңүтүнөн баштайлы.

“Орусиянын инфратүзүмдүк шарттары начар”

Транспорт жана коммуникациялар министринин автотранспорт жана темир жол траснпорту башкармалыгынын башчысы Адылбек Акматов “Азаттыктын” суроолоруна кат аркылуу жооп берип, Орусиянын Каспий деңизиндеги портторунда олуттуу инфратүзүмдүк маселе бар экенин билдирди.

“Учурда Орусия тарап менен паромду ижарага алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Орусия тарабынан "Композитор Рахманов" паромун 4,5 метр жана сыйымдуулугу 33 узун фура жана тайм-чартер шарттарында ижара акысы 10 миң доллар менен пайдалануу сунушталган. Бирок, Орусия тараптан азыркы учурда Каспий деңизинде өтүү тереңдиги 3,8 метр деңгээлде экендиги маалымдалган, бул 13төн ашык эмес узун фураларды ташууга мүмкүндүк берет. Ал эми кыргыз ташуучуларынын билдирүүсү боюнча 50дөн кем эмес узун фураларды ташый ала турган паромдун зарылдыгы бар жана Орусиянын 13 фураны жүктөө шарттары экономикалык жактан пайдалуу эмес”, - деп жазылган катта.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, бул маршруттун долбоору Казакстанды айланып өткөн альтернативдүү маршрут катары иштелип чыккан. Чек арада кыргыз жүктөрүн жасалма жол менен өткөрбөй, байма-бай кармап келген казак бюрократиясы кыргыз өкмөтүн кошумча транспорттук коридор издөөгө мажбур кылган.

Экономика жана коммерция министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Азамат Мураталиев учурда Орусия порттогу инфратүзүмдүк маселени чечүүнүн үстүнөн иштеп жатканын билдирди.

“Орусия тарап Каспий деңизине куйган дарыялардын түбүн тереңдетүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал иштерди жүргүзүү 2023-жылдын соңуна чейин пландалууда. Бул маселе боюнча Орусия тарап менен тыгыз байланышып турабыз. Кыргыз тараптан талап кылынган жумуштарды аткарып бүткөнбүз, бизнес-коомчулук, жүк ташуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Орусиянын транспорт министрлиги, Астрахан облусунда жайгашкан “Оля” порту менен сүйлөшүүлөр жүрдү. “Оля” порту Ро-Ро ташууларды жасайт (паромго оор жүк ташуучу автоунааларды жүктөп ташыйт). Орусия бул маршрутка кызыкдар. Алардын берген маалыматтарына ылайык, дарыяларды тереңдетүү иштери аяктаган соң транспортту маршрут аркылуу пилоттук жүргүзүү иши жасалат. Учурда Орусия тараптан иштердин аякташын күтүп жатабыз”.

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев инфратүзүмдүк шарттары начар болгондуктан, Орусия үчүн бул долбоордун мааниси кийинки планга сүрүлүп калгандай туюлуп жатканын айтат.

“Түркмөнстандын “Түркмөнбашы” деген портунан ары Азербайжанга кеткенге паромдор жок болуп атат. Бая күнү “эки эле парому бар” деп айтышты. Эки парому 20-30 жакын контейнер алат экен, бүттү. Ал бир поезддин дагы жүгүн (50-60 контейнер) ала албайт экен да. Каспий деңизин өтө аз контейнер кесип өтүп атат – ошол өтө чоң көйгөй. Орустар дагы даяр эмес экен. Алар келип-кетти, Бишкекте алар менен мен дагы жеке жолугуп сүйлөшкөнбүз. Алар ошону изилдеп келишиптир, эки сөз менен айтканда изилдөөсүндө өздөрүнүн порттору боюнча “келечеги жок” деп жазышыптыр. Жолукканда “биздин пикирибиз – даяр эмеспиз, даярдаш үчүн бир топ жылдар жана каражат керек го” деп айтышты. Махачкалага чыкса Дагестанга чыкмак, анан Астраханга чыгып, андан ары Волга менен өйдө карай кетсе дагы бир топ шаарлары бар. Бирок, ошондой кемелери жок турбайбы. Кран, причал, алардын кампалары, терминалдары – эч нерсе өнүкпөптүр да”.

Айдоочулар эңсеген “жашыл коридор”

Буга чейин айдоочулар сөз кылгандай, Түркмөнстандын өкмөтү жүк ташуучулар үчүн “жашыл коридор” ачып берсе, бул маршрут менен каттагандар көбөймөк.

Эксперттер “Түштүк коридору” Кыргызстан менен Орусиянын өз ара соода алакасын дагы бир кыйла көбөйтөт деп эсептешет. Анткени, Казакстан аркылуу бараткан жолдо узун аралыкка созулган тыгындар бат-баттан болуп турат. Мындан улам, товарлар бузулуп же өз маалында жетпей, кыргыз ишкерлери олуттуу зыян тартууда.

Ошондуктан, Кыргызстан үчүн Казакстан маршрутунан башка дагы бир нече транзиттик мүмкүнчүлүктөр сунушталып келет. Алардын эң ыңгайлуу жана пайдалууларынын бири ушул “Түштүк коридору” болуп турат. Бул маршрут мурдатан эле айтылып келгени менен, Түркмөнстандагы виза маселеси иштин алдыга жылышына тоскоол болуп келген.

Арийне, ишкер чөйрөдө “Түштүк коридор” мультимодалдык транспорттук коридорунун ишин жандантууда кыргыз өкмөтү кашаң иштеп жатат деген пикирлер бар. Алар министрликтер “ушундай коридор бар” деп куру сөз менен гана чектелип жатканын айтышат.

Кыргызстан жүк ташуучулар асоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев Кыргызстандын өкмөтү көп убакытты куру сөз менен өткөрүп жатканын айтты:

“Түркмөндөргө виза бар. Ошол визаны же узак мөөнөттү виза кылыш керек – алты айда же бир жылда бир алгандай кылып. Алар ар бир каттамга алып атпайбы. Аны да алыш үчүн эки-үч ай өтүп кетүүдө. Ошол маселени биздин Транспорт министрлиги, Тышкы иштер министрлиги чечиш керек да. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек, жок дегенде бир нерсе деген сөздөр чыгыш керек да. Эч кандай маалымат чыкпай атса, анда ушунчалык жашыруун жасап атышабы? Транспорт министрлигинен башкармалыктын начальниги “ушундай жол бар, биз жарыялаганбыз, колдоно бергиле” деп койду. Биз шоопурлар ансыз деле билебиз, ал айтпаса деле аны колдонуп келатабыз. Бизге жеңилдиктерди, жардамдарды бергиле деп атпайбызбы. “Кыргызстандын эл аралык соодасын өнүктүрүш үчүн бизге көмөктөшкүлө” деп өкмөттүк мекемелерден суранып да, талап кылып да атабыз. Бирок, эч ким – Транспорт министрлиги да, Тышкы иштер министрлиги да, Экономика министрлиги да жоп бербей жатат”.

Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү көп

Азия менен Европаны бириктирген транспорттук маршруттар негизи көп эле. Алардын айрымдары Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт.

Европа-Кавказ-Азия же расмий ТРАСЕКА деп аталган мультимодалдык транспорттук коридор программасы 1998-жылы иштей баштаган. Эл аралык коомчулукта “Түштүк коридор” деп да аталат. Учурда “Түштүк коридорго” Чыгыш Европанын, Кавказдын жана Борбор Азиянын 13 мамлекети мүчө. Орусияны айланып өтүүчү ал маршрут Чыгыш Европадан башталып Түркия, Кавказ аркылуу өтөт, андан ары Каспий деңизин сүзүп өтүп Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан аркылуу чыгышка карай Кытайга өтүп кетет. Программанын туруктуу иштеген кеңсеси да бар, ал Баку шаарында жайгашкан. Кыргызстан боюнча профилдик жооптуу мекеме катары Транспорт жана коммуникациялар министри саналат.

ТРАСЕКА мультимодалдык транспорттук коридору
ТРАСЕКА мультимодалдык транспорттук коридору

Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) деген эл аралык программа дагы бар. Анын Борбор Азияны аралап өткөн алты мультимодалдык транспорттук коридору бар. Төртөө Кыргызстан аркылуу өтөт. Бирок, өткөн жүктүн көлөмү өтө көп эмес.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралы Түштүк Азия менен Европага жол алган транспорттук система болуп эсептелет. Бул жолдун демилгеси жана логикасы Кытай өкмөтүнө таандык. Кыргызстан транзиттик аймак катары катышып, андан олуттуу киреше табары белгиленип келет. Үч тараптуу мекеме түзүлүп, долбоорлоо иштерин жүргүзүп келет, курулуш иштери ушул жылы башталары жарыяланган.

XS
SM
MD
LG