Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Орусия Финляндиянын тогуз дипломатын чыгарарын жарыялады


Финляндиянын Москвадагы элчилигинин алдына илинген Финляндиянын жана Евробиримдиктин желектери. 29-март, 2018-жыл. Орусия.
Финляндиянын Москвадагы элчилигинин алдына илинген Финляндиянын жана Евробиримдиктин желектери. 29-март, 2018-жыл. Орусия.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Финляндиянын Москвадагы элчилигинде иштеген тогуз дипломатты өлкөдөн чыгарарын билдирди. Бул тууралуу маалымат 6-июлда мекеменин расмий сайтында жарыяланды. Ошондой эле Финляндиянын Санкт-Петербургдагы Башкы консулдугу да жабылары кабарланды.

Финляндиянын элчиси Антти Хелантерюну Тышкы иштер министрлигине чакыртышып, «Фин бийлигинин Орусияга каршы конфронтациялык саясат жүргүзүүсүнө байланыштуу» нааразылык билдиришкен.

Финляндиянын президенти Саули Ниинисте Москванын билдирүүсүн «Хельсинкинин кадамдарына кескин жооп» деп атады.

Буга чейин, 6-июнда Финляндия алты орус дипломатын өлкөдөн чыгарган. Мунун себеби орус элчилигинин кызматкерлери тыңчылык менен алек болуп, дипломатиялык алакалар тууралуу Вена конвенциясын бузуп жатат деп түшүндүрүлгөн.

Май айынын соңунда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 1-июлдан тартып Финляндиянын Лаппеенранта шаарындагы Орусия элчилигинин бөлүмүн жабарын жар салган.

4-апрелде Финляндия НАТОго расмий кошулуп, аскердик альянстын 31-мүчөсү болгон.

Буга чейин нейтралитетти карманып келген Хельсинки былтыр майда Орусия Украинга каршы согуш жүргүзүп жатканда аскердик блокко кошулуу арызын тапшырган. Орусия менен 1300 чакырымдан ашкан чек араны бөлүшкөн Финляндия бийлиги коопсуздук маселелеринен улам бул кадамга барганын билдирген.

XS
SM
MD
LG