Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

УКМК Адахан Мадумаровдун тарапташтарын кармады


УКМК кармаган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү. Сүрөттү атайын кызмат таратты.
УКМК кармаган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү. Сүрөттү атайын кызмат таратты.

6-июлда атайын кызмат “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын он мүчөсүнүн үйүн тинтип, экөөнү убактылуу кармоочу жайга киргизди. Алар “Массалык баш аламандыкка чакыруу” беренеси менен айыпталып жатат.

Партиянын лидери, депутат Адахан Мадумаров бул окуяны саясий куугунтук катары баалай турганын айтууда. Буга чейин Мадумаровдун өзүнө да кылмыш иши козголуп, аны жоопко тартууга Жогорку Кеңеш уруксат берген.

"Таңкы жетиде алып кетишиптир"

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Майрам Сатарованы Бишкектин четиндеги "Ата Журт" конушунан кармап кетишкен. УКМКнын төрт кызматкери келгенде Сатарова үйүндө жалгыз болгону айтылууда. Сатаровадан тышкары “Бүтүн Кыргызстандын” дагы төрт мүчөсү - Мирлан Ураимов, Артур Бакиров, Тандагүл Самиева жана Асылбек аттуу жаранды да алып кетишкени белгилүү болду.

"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөлөрүн суракка чакырган документ.
"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөлөрүн суракка чакырган документ.

Булардын ичинен Мирлан Ураимов 2022-жылы “жапырт башаламандык” беренеси менен кармалып, ошол эле жылы 9-мартта үй камагына чыккан эле. Анын иши сотто каралып, Ураимов өзүнө тагылып жаткан айып менен макул болгон эмес.

Ал эми Артур Бакиров мурда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын катчылыгын башкарчу. Партиянын мүчөсү Нурбек Кубанычбеков акыркы учурда алардын артынан түшкөндөр көбөйгөнүн, кысым күчөгөнүн айтып берди.

"Бүгүн мени да кармап кетиши толук мүмкүн. Буга чейин биздин тарапташтар ИИМге, УКМКга сурак берип жаткан. Биз бул маалыматтарды ачыктабай турдук эле. Эми үйүбүздөн алып кете башташты. Чакыруу жиберишсе барышмак да. Ээлеген кызматы жок, карапайым адамдарды, жалгыз бой аялдарды кармап эмне кереги бар?".

Атайын кызмат алып кеткен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Тандагүл Самиева жакында эле көз жарган экен.

УКМКнын айыбы, Мадумаровдун жообу

Атайын кызмат кечке маал түшүндүрмө берип, “Бүтүн Кыргызстандын” Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргөнүн кабарлады. Анын экөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, калганы боюнча иш жүрүп жатканы белгилүү болду.

Жапырт кармоо “Массалык баш аламандыкка чакыруу” беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишине байланыштуу экени кабарланууда. Бул берене жарандык активисттерге, блогерлерге жана саясатчыларга көп колдонулат. Интернетке тарап кеткен тергөөчүнүн чакыруу кагазында партиянын өкүлдөрү күбө катары сурак берери жазылып турат.

“А.Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М.дин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган. Тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери А.Мадумаровдун жер-жерлердеги тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенжерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүп, массалык башаламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан”, - деп жазылат УКМКнын маалыматында.

УКМК камакка алган эки жарандын аты-жөнү азырынча белгисиз болуп турат.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясы, анын лидери Адахан Мадумаров оппозицияда болуп, бийликтин кыймыл-аракетин сындап келет. Буга чейин ал жана анын тарапташтары Кемпир-Абад, башка бир катар маселеге байланыштуу да нааразылыгын билдиришкен. Мындан улам партия мүчөлөрүнө кысым жок эмес.

Мадумаров өзү бул ишти саясий куугунтук катары баалай турганын "Азаттыкка" билдирди.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Өзүнүн пикирин ачык айткан, өзүнүн көз карашы бар активдүү кыргыз жарандарынын баарын коркутуп-үркүтүп, коомду нес абалга алып келүү. Кыргыз жарандарында бүгүн өз алдынча оң жагына, сол жагына же артына караганга укук жок. Жаан жаап жатса, жаан жаап атат деп айтууга укугу жок. Күн ысыса ысыды, суу жок болсо жок деп айтканга укугу жок деген деңгээлге алып келишти”.

Азыр Адахан Мадумаровдун өзүндө да кылмыш иши бар. 22-июнда Жогорку Кеңеш "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидерин 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Ишти Башкы прокуратура тергеп жаткан. Бирок көзөмөл органынан тергөө укугу жакында эле алынды. Эми Мадумаровго байланыштуу ишти башка мекеме тергеши мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG