Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:24

Ысык-Көлдө “Асман” шаарына капсула салуу иш-чарасы башталды


30-июнь, 2023-жыл. Ысык-Көл
30-июнь, 2023-жыл. Ысык-Көл

Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салуу салтанаты башталды.

Президенттин администрациясы билдиргендей, ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

УТРК иш-чараны түз чагылдырып жатат.

“Асман Экосмарт Сити” шаарынын долбоорун AXX Investment Group компаниясынын башкы аткаруучу директору Баркад Али тааныштырды. Ал “Асман” туруктуулуктун, ыңгайлуулуктун жана келечектин шаары болорун белгиледи.

Долбоор боюнча шаар “акылдуу шаар, соода-сатык, спорт жана көңүл ачуу” багытында төрт бөлүккө бөлүнөт. Шаарда жогорку ылдамдыктагы поезд жүрөт, электрмобилдерди кубаттоочу жайлар менен жабдылат. Эл аралык дэңгээлдеги көп тилкелүү аба майданы курулат. Жети жылдыздуу мейманканалар жана көңүл ачуучу казинолор болот.

Шаардын башкы планын баш кеңсеси Дубай шаарында жайгашкан Artek Group архитектуралык компаниясы иштеп чыккан.

Ысык-Көл жээгинде “Асман” шаарын куруу идеясы алгач 2021-жылы айтылган. Ошол эле жылы Министрлер кабинетинин токтому менен “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция” түзүлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча “Асман” 500 миң кишиге ылайыкталат.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар болот. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдирүүдө.

Бир катар экологдор жана урбанисттер суу агып чыкпаган уникалдуу көлдүн жээгине мындай калаа куруу өтө дыкат эсептөөлөрдү талап кыларын, антпесе Ысык-Көлдүн суусу булганып, сазга айланып кетет деп эскертишкен.

Бийлик шаарда экологиялык бардык эрежелер сакталат деп билдирген. (KbA)

XS
SM
MD
LG