Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жаткан 60 мечит аныкталды


Мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттердин бири. Жалал-Абад облусу. Июнь, 2023-жыл. Сүрөт УКМКга таандык
Мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттердин бири. Жалал-Абад облусу. Июнь, 2023-жыл. Сүрөт УКМКга таандык

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) түзгөн атайын комиссия Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан 60 мечитти аныктады.

Анын эң көбү - 33 мечит Сузак районунда аныкталган. Тогуз-Тородо -жети, Чаткалда -беш, Ноокенде -беш, Аксыда -үч, Базар-Коргондо -эки, Майлы-Суу менен Токтогул райондорунда бирден, ал эми Жалал-Абад шаарында - үч мечит ДИМК менен муфтияттын макулдугу жок, мыйзамсыз иштеп жатканы белгилүү болду.

Атайын комиссиянын курамына күч кызматтарынын, жергиликтүү бийлик, "Кадастр", ӨКМ, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК) жана муфтияттын өкүлдөрү кирген.

Булардын ичинен 11 мечит ДИМК менен муфтияттан каттоодон өтүүгө тиешелүү документтерин даярдаган. Калган 49 мечитти Кыргызстандын "дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары" мыйзамдарына ылайык катоодон өткөрүү сунушталды.

Текшерүү учурунда 60 мечиттин курулушу мыйзамсыз болгону аныкталганы кабарланды.

Комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жергиликтүү бийлик, архитектура, муфтият жана дин иштери комиссиясы жаңы мечиттердин курулушун жана алардын каттоосун көзөмөлгө алат.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, имамдары жергиликтүү эл тарабынан дайындалып, ошол эле учурда тиешелүү диний билими жок адамдары менен муфтияттын макулдугусуз иштеген мечиттерде экстремисттик идеологияны үгүттөө аракеттерин аныктоочу иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, 2003-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанда расмий түрдө 21 диний уюмдун ишмердигине тыюу салынган. Соттук инстанциялар аларды бузуку, экстремисттик жана террордук уюм деп тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG